Жакан 4
4
Кудайга кантип табынуу керек?
1Ыйса Жакыяга караганда көбүрөөк шакирт таап, чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жатат деген сөз фарисейлерге жетти. 2Бирок чынында Ыйсанын Өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жүргөн эле. 3Мындай кабардын фарисейлерге жеткенин билген Ыйса Галилеяга кайра кетип калды. 4Ыйса Самария аймагы аркылуу жол жүрүүгө тийиш эле. 5Ошондуктан Ал Самариядагы Шыкар шаарына келди. Ал Жакып өз баласы Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан. 6Ошол жерде «Жакып кудугу» деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Түшкө маал эле. 7-8Шакирттери тамак сатып алуу үчүн шаарга кетишкен. Ошол кезде бир самариялык аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан:
– Ичкенге суу берчи, – деп өтүндү.
– 9Өзүңүз иудей болуп туруп, менден, самариялык аялдан суу сураганыңыз кандай? – деп таң калды аял.
Мындай дегени, иудейлердин самариялыктар менен такыр мамилеси болгон эмес.
– 10Эгер Кудайдын сага эмне бергиси келгенин жана суу сураган адамдын ким экенин билсең, анда сен Анын Өзүнөн сурар элең, ошондо Ал сага өмүр суусун бермек, – деди Ыйса ага.
– 11Мырза, – деди аял, – суу сузар идишиңиз жок экен, кудук болсо терең, анан ошол өмүр суусун кайдан аласыз? 12Же ушул кудукту калтырган түп атабыз Жакыптан да улуусузбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушундан суу ичкен.
13Ыйса ага мындай жооп берди:
– Бул суудан ичкен адам кайра дагы суусайт. 14Ал эми кимде-ким Мен берген суудан ичсе, ал түбөлүк суусабас болот. Мен берчү суу анын ичинде түбөлүк өмүр тартуулоочу кайнар булакка айланат.
15Анда аял:
– Мырза, мага да ошол суудан бериңизчи. Мен да мындан ары чаңкабайынчы, суу алам деп бул жерге келе бербейинчи, – деди.
16Ыйса ага:
– Барып, күйөөңдү чакырып кел, – деди.
– 17Менин күйөөм жок, – деди аял.
– Күйөөм жок дегениң туура, – деди Ыйса. – 18Сен беш жолу күйөөгө чыккан элең, бирок азыркың күйөөң эмес. Муну туура айттың.
19Аял Ыйсага:
– Мырза, пайгамбар экениңизге көзүм жетип турат. 20Бирок биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоонун башында#4:20 Гаризим тоосунда самариялыктардын ийбадатканасы болгон. ийбадат кылышчу экен, ал эми силер, иудейлер, табынуучу жай Иерусалимде гана болуш керек дейсиздер, кайсынысы туура? – деди.
– 21Айтканыма ишен: асмандагы Атабызга бул тоонун башында жана Иерусалимде гана эмес, бардык жерде табына турган убакыт келет, – деп жооп берди Ыйса. – 22Силер кимге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени Кудай иудейлер аркылуу адамзатты куткармак. 23Чыныгы табынуучулар Атабызга Рухтун жетегинде, акыйкатты таанып табына турган убакыт келет. Ал тургай келип да калды. Атабыз ушундай табынуучуларды каалайт. 24Кудай Өзү – Рух. Ошондуктан Ага табынгандар Рухтун жетегинде, акыйкатты таанып табынуулары керек.
25Буга аял:
– Машаяк келерин билем. Ал келгенде бизге баарын айтып берет, – деди.
– 26Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың, – деп жооп кайтарды Ыйса.
Бышып турган эгин талаасы
27Ошол арада шакирттери кайтып келип, Ыйсанын бир аял менен сүйлөшүп отурганына таң калышты. Бирок эч кимиси «Андан эмне сурап жатасың?» же «Эмнеге аны менен сүйлөшүп жатасың?» деп сурашпады.
28-29Аял кумарасын коё калып, шаарга кетти да:
– Жүргүлө, менин кылган иштеримдин баарын так айтып берген кишини көргүлө! Машаяк ошол болуп жүрбөсүн? – деп элге айта баштады.
30Муну уккан эл шаардан чыгып, Ыйсага карай бет алышты.
31Ушул арада шакирттери Ыйсадан:
– Устат, тамактанып алыңыз? – деп өтүнүп жатышкан эле.
32Ыйса аларга:
– Менин жей турган башка тамагым бар, силер аны билбейсиңер, – деди.
33Шакирттери түшүнүшпөй: «Ага бирөө тамак алып келип бердиби?» – деп бири биринен сурашты.
– 34Менин тамагым, – деди Ыйса, – Мени Жибергендин каалоосун ишке ашырып, Анын тапшырганын толук орундоо. 35Анан силер: «Эгин себилгенден кийин төрт ай өткөндө, оруу башталат» дейсиңер. Мен болсо: «Эгин талаасын жакшылап карагылачы, ал тегиз бышып, баштарын ийип, орууга даяр турат», – деп айтам. 36Азыртан эле орокчулар эмгек акыларын алып, түбөлүк өмүргө арналган түшүмдү жыйнап жатышат. Ошентип, эгинди эккен да, оргон да чогуу кубанат. 37«Бири сепкенди бири орот» деген макал ушул шартка туура келип турат. 38Мен силерди Мага түшүм алып келүү үчүн, силер эмгек кылбаган жерге жумшадым. Башкалар мурда эмгек кыла башташкан, эми силер алардын ишине кошулуп жатасыңар.
39Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү жанагы аялдын: «Ал менин кылган иштеримдин баарын айтып берди», – деген сөзү аркылуу Ыйсага ишене башташты. 40Ошондуктан алар Ыйсага келип, конуп кетүүсүн өтүнүштү. Ошентип Ыйса эки күн ошол жерде болду. 41Анын сөзүн угуп, дагы көбүрөөк адамдар ишеништи да, 42аялга: «Биз эми сенин айтканың боюнча эле ишенип калбастан, анын сөзүн өз кулагыбыз менен угуп, чынында адамзаттын Куткаруучусу ошол экенин билдик», – дешти.
Падыша кызматчысынын баласынын айыгышы
43Эки күндөн кийин Ыйса ал жерден ары карай Галилеяга кетти. 44(Ал Өзү бир жолу «пайгамбар өз элинде кадырлуу болбойт» деген эле.) 45Галилеялыктар Ыйсаны жылуу кабыл алышты, анткени алар да Иерусалимдеги Куткарылуу майрамына барып, Анын кылган бардык кереметттерин көрүшкөн болчу.
46Ошентип Ыйса үйлөнүү тоюнда сууну шарапка айландырган Галилеядагы Каана айылына дагы келди. Ошол кезде чоң кызматта иштеген бир кишинин баласы Капарноомдо ооруп жаткан. 47Ал Ыйсанын Иудеядан Галилеяга келгенин угуп, Ага барды да:
– Келип, баламды сакайтып берсеңиз экен, өлүм алдында жатат, – деп жалынды.
48Ыйса:
– Кудуретимди далилдей турган ажайып-жышаандарымды көрмөйүнчө силер ишенбейсиңер! – деди.
49Падыша сарайында чоң кызматта иштеген адам болсо:
– Оо, мырза, балам өлүп кала электе келиңизчи! – деди.
50Ошондо Ыйса:
– Үйүңө бара бер, балаң аман-эсен! – деди.
Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, кетип калды. 51Үйгө жакындаганда, алдынан кулдары тосуп чыгышып: «Балаңыз аман-эсен», – деп сүйүнчүлөштү. 52Ал кулдарынан баласынын абалы кайсы убакта жакшырганын сурады. Кулдары өткөн күнү түшкү саат бирде ысыгы кайтканын айтышты. 53Ошондо ал Ыйсанын: «Балаң аман-эсен» дегени дал ошол саатка туура келгенин билди. Ал өзү да, үйүңдөгүлөрү да – баары тең Ыйсага ишенип калышты. 54Ошентип, Ыйса Иудеядан Галилеяга келгенден кийин экинчи ирет кереметтүү жышаан көрсөттү.
Цяпер абрана:
Жакан 4: КЫРИ
Пазнака
Падзяліцца
Капіяваць
Хочаце, каб вашыя адзнакі былі захаваны на ўсіх вашых прыладах? Зарэгіструйцеся або ўвайдзіце
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018