Арадан убакыт өтүп, Потифардын аялынын Жусупка көзү түшүп, «мени менен жат» деди. Бирок Жусуп баш тартып, кожоюнунун аялына мындай деди:
– Мына, кожоюнум мен турганда үйүндөгү эч бир ишке аралашпайт, ал болгон чарбасын мага тапшырган. Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сизден башка эч нерсеге тыюу салган жок, себеби сиз аялысыз. Анан кантип ушундай чоң жамандык жасап, Кудай алдында күнөө кылам?