Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар да туулганда, асман уулдары адамдардын кыздары сулуу экенин көрүп, жактыргандарын аял кылып ала башташты. Ошондо Жараткан Эге: «Менин демим адам ичинде түбөлүк болбойт, анткени алар өлө турган пенделер. Эми адамдын өмүрү 120 жыл болсун», – деди. Ал кезде, андан кийин да жер жүзүндө алп кишилер болгон. Алар асман уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда туулган. Булар байыркы заманда элге таанымал баатырлар эле.