Алар тамактанып алгандан кийин Ыйса Ысман-Петирден:
– Жакан уулу Ысман, буларга караганда Мени сен көбүрөөк сүйөсүңбү? – деп сурады.
– Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Өзүң деле билесиң, – деди Петир.
Ошондо Ыйса ага:
– Козуларымды бак! – деди.
Ыйса андан экинчи ирет:
– Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? – деп сурады.
Петир:
– Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Сен билесиң го, – деп жооп кайтарды.
Ыйса ага:
– Койлорумду кайтар! – деди.
Ыйса үчүнчү жолу:
– Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? – деп сурады.
«Сен Мени жакшы көрөсүңбү?» деп үчүнчү ирет сурагандыктан Петир капа болуп:
– Эгем, Сен баарын билесиң да, Сени жакшы көрөрүмдү да билесиң, – деди.
Ошондо Ыйса ага мындай деди:
– Койлорумду бак!