Элчилер 2
2
Ыйык Рухтун түшүшү
1Түшүм майрамы келгенде, шакирттердин баары бир жерге чогулушту. 2Аңгыча асмандан катуу шамал жүргөндөй гүүлдөгөн добуш угулуп, алар олтурган үйдү толтурду. 3Анан жалындын тилиндей болгон нерселер көрүндү. Алар бөлүнүп-бөлүнүп, ар бирине бирден конду. 4Ошондо баары тең Ыйык Рухка толуп, Анын бергенине жараша бөтөн тилдерде сүйлөй башташты.
5Ошол кезде бардык элдердин арасында жашап, Кудайды урматтаган иудейлер Иерусалимге төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен. 6Алар бул добуш чыкканда, эмне болгонун билүү үчүн жүгүрүп келишип, ар кимиси шакирттердин анын өз тилинде сүйлөп жатканын угушуп, өтө таңыркашты. 7Баары тең айран-таң калышып, өз ара:
– Бул сүйлөп жаткан адамдардын баары галилеялыктар эмеспи? 8Анан кантип алар ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат? 9Арабызда парфтыктар, мидиялыктар, эламдыктар, ошондой эле Месопотамияда, Иудеяда, Кападокияда, Понт менен Асияда, 10Фригияда, Памфилияда, Мисир менен Ливиянын Киринеяга караштуу жагында жашагандар, Римден келген 11иудейлер менен иудей динине киргендер, криттиктер менен арабдар бар эмеспи. Ошентсе да булардын Кудай кылган улуу иштер тууралуу биздин тилдерде айтканын угуп жатабыз, – дешти.
12Ошентип, баары таң калышып, бири бирине: «Ой тобо, бул эмнеси, ыя?» – дешти.
13Бирок алардын арасында: «Шарапка тоюп алышкан тура!» – деп шылдыңдашкандар да болду.
Петирдин эл алдында сүйлөгөн сөзү
14Ошондо Петир он бир элчи менен бирге ортого чыкты да, үнүн бийик чыгарып, мындай деди:
– Иудей боордошторум! Жалпы Иерусалим тургундары! Сөзүмдү кунт коюп угуп, билип алгыла: 15булар силер ойлогондой мас эмес! Анткени азыр эле таң атып, саат араң тогуз болбодубу. 16Бирок бүгүнкү көргөнүңөр Жайыл пайгамбар алдын ала айткан сөздүн аткарылышы. Ал мындай деген:
17«Кудай айтат мындай деп:
Ошол соңку күндөрдө
Бүт адамзат үстүнө
Төгөм Ыйык Рухумду.
Ошондо уул-кыздарың
Кудай Сөзүн айтышат.
Аян көрүп жаштарың,
Карыларың түш көрөт.
18Ошол соңку күндөрдө
Кул-күңдөрүм үстүнө
Рухум төгөм. Алар да
Кудай Сөзүн айтышат.
19Жогоруда асмандан
Кереметтер көрсөтөм.
Төмөндөгү жерден да
Канды жана отту Мен,
Уюлгуган түтүндү
Жышаан кылып көргөзөм.
20Эгебиздин сот күнү –
Улуу жана даңктуу күн#2:20 «Эгебиздин улуу жана даңктуу күнү» деген сөздөрдө кыямат кайым, сот күнү деген маани бар.
Келеринин алдында
Күндүн бети караят,
Айдын жүзү канталайт.
21Эгебизге жалынган
Ошол күнү кутулат».#2:17-21 Жал. 2:28-32.
22Ысрайылдар, кулак салып, угуп алгыла! Кудай Өзүнүн кудуреттүү жана ажайып жышаандары менен коштоп, силерге назареттик Ыйсаны дайындап, Өзү жибергенин көрсөттү. Араңарда болуп өткөн ошол окуяларды өзүңөр да билесиңер. 23Аны Кудай Өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү жана түзгөн максаты боюнча силердин колуңарга тапшырды. Силер болсо күнөөкөр адамдардын колу менен жыгачка мыктап, өлтүрдүңөр. 24Бирок Кудай Аны өлүмдүн чеңгелинен бошотуп, кайра тирилтип алды. Себеби Аны өз колунда кармап турууга өлүмдүн кудурети жеткен жок. 25Дөөт пайгамбар Ал тууралуу мындай деген:
«Эгем дайым көз алдымда, оң жагымда,
Мен эч качан жыгылбаймын ошондуктан.
26Толуп-ташат жүрөгүм кубанычтан,
Тилим безеп, даңктагандан тажабайм,
Денем дагы үмүт менен өмүр сүрөт.
27О дүйнөдө мени эч качан калтырбайсың,
Өз кишиңдин чирүүсүнө жол бербейсиң.
28Сен өмүрдүн жолун мага ачып бердиң,
Сен менин кубанычка бөлөөрүмсүң».#2:25-28 Заб. 15:8-11.
29Боордоштор! Сөздүн ачыгын айтканга уруксат эткиле: түп атабыз Дөөт өлгөн жана көргө коюлган. Анын бейити бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. 30Ал өзү пайгамбар болгондуктан, Кудай ага берген убадасы боюнча анын тукумунан чыккан бирөөнү Машаяк катары тактыга олтургузарын билген.#2:30 Заб. 131:11. 31Ал Машаяктын кайра тирилишин алдын ала көргөн. Ошондуктан Анын о дүйнөдө калбастыгын, денесинин чирибестигин айткан.#2:31 Заб. 15:10. 32Мына ошол Ыйсаны Кудай кайра тирилтти, буга баарыбыз күбөбүз.
33Ошентип, Ыйса Кудайдын кудурети менен көккө көтөрүлдү да, азыр өзүңөр угуп, көрүп тургандай, Атасы убада кылган Ыйык Рухту кабыл алып, бизге төгүп жиберди. 34Дөөт болсо көккө көтөрүлгөн эмес. Бирок мындай деген:
«Жараткан Эгем Эгеме деди мындай:
35Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,
Олтура тур сыйлуу жер – оң жагымда».#2:34-35 Заб. 109:1.
36Ошондуктан, бүткүл Ысрайыл эли, жакшылап билип ал: силер жыгачка кадап салган ошол Ыйсаны Кудай биздин Эгебиз жана Куткаруучу Машаягыбыз кылды.
37Бул сөздөр уккандардын жүрөгүнө катуу тийди. Алар Петирден жана анын жанындагы элчилерден:
– Боордоштор, биз эмне кылалы? – деп сурашты.
38Петир аларга:
– Ар бириңер ниетиңерди өзгөрткүлө да, күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн Ыйса Машаяктын атынан сууга чөмүлүү расмисинен өткүлө. Ошондо Ыйык Рухтун белегин аласыңар. 39Анткени Кудай Эгебиздин Ыйык Рухту берем деген убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана Кудай чакырган башка адамдардын баарына берилген, – деди.
40Петир аларга башка дагы көптөгөн сөздөрдү айтып:
– Бул бузулган муундан өзүңөрдү сактагыла! – деп эскертти.
41Ошентип, анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлүштү. Ошол күнү үч миңдей адам аларга кошулду. 42Баары тең элчилердин окуусун кабыл алышып, бири бири менен тыгыз мамиледе болушуп, чогуу нан сындыруу расмисин өткөрүп, бирге сыйынып жүрүштү.
Ыйсага ишенгендердин жашоосу
43Элдин баарын Кудайдан коркуу сезими бийледи. Анткени элчилердин колдору менен Иерусалимде көптөгөн ажайыптар, кереметтүү жышаандар көрсөтүлүп жатты. 44Ыйсага ишенгендердин баары чогуу жүрүшүп, чарбасы да бир болду. 45Колдо болгонун сатышып, ар кимисинин муктаждыгына карап, бөлүп беришти. 46Ар күнү ийбадатканада чогуу табынышып, бири бирин конокко чакырышып, өз ара жөнөкөй жана кубанычтуу боордоштук мамиледе болушту. 47Дайыма Кудайды мактап, бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө айланышты. Эгебиз болсо куткарыла тургандарды ар күнү жыйынга кошуп жатты.
Currently Selected:
Элчилер 2: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: