Башталыш 15
15
Кудайдын Ыбрам менен келишим түзүшү
1Ушул окуядан кийин Жараткан Эге Ыбрамга аян берип:
– Коркпогун, Ыбрам,
Калканыңмын Мен сенин.
Зор болот алар сыйлыгың, – деди.
2Ыбрам болсо мындай деди:
– Оо, Жараткан Эге, Эгедерим, менде туяк болбосо, ал эмне деген сыйлык? Менин мал-мүлкүм дамасктык Элиезерге калмак болду. 3Мына, Сен мага тукум бербедиң, эми үйүмдөгү бир кызматчым мураскорум болот.
4Ошондо Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди:
– Жок, ал сенин мураскоруң болбойт! Сенин мураскоруң өз каныңдан жаралган балаң болот.
5Анан Ыбрамды сыртка алып чыгып:
– Асманды кара! Эгер жылдыздарды санай алсаң, санап көр. Сенин тукумуң да ушундай көп болот, – деди.
6Ыбрам Жараткан Эгеге ишенди, Жараткан Эге ишеними үчүн аны адил деп тапты.
7Анан Жараткан Эге ага:
– Мен ушул жерди энчилеп берүү үчүн сени каздилердин Ур шаарынан алып чыккан Жараткан Эгеңмин, – деди.
8Ыбрам:
– Жараткан Эге, Эгедерим, бул жердин меники болорун кантип билем? – деп сурады.
9Жараткан Эге:
– Мага үч жашар кунаажын, үч жашар эчки, үч жашар кочкор, бир бактек жана бир көгүчкөн алып кел, – деди.
10Ыбрам баарын алып келип союп, аларды ортосунан бөлдү да бөлүктөрүн бири-биринин тушуна койду. Ал эми канаттууларды бөлгөн жок. 11Ошондо жорулар этке жабалактап учуп келди, бирок Ыбрам аларды кубалап турду.
12Күн батарда Ыбрамды катуу уйку басып, жүрөк үшүн алган коюу караңгылык каптады. 13Ошондо Жараткан Эге ага мындай деди:
– Ушуну биле жүр, сенин тукумуң чет жерде келгин болот. 400 жыл кул болуп, эзүүдө жашайт. 14Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм. Алар ошол жерден көп байлык менен чыгып кетишет. 15Сен болсо узак өмүр сүрүп, тынччылык менен ата-бабаларың сыяктуу о дүйнө саласың. 16Сенин тукумуңдун төртүнчү мууну гана бул жакка кайтып келет, анткени аморлуктардын күнөөсү жетер чегине жете элек.
17Күн батып, караңгы киргенде, тандырдан чыккан сыяктуу түтүн жана жалындаган от пайда болуп, алар бөлүнгөн жаныбарлардын ортосун аралап өттү. 18Ошол күнү Жараткан Эге Ыбрам менен келишим түзүп, мындай деди:
– Мен сенин тукумуңа Мисир дарыясынан тартып, улуу Эфрат дарыясына чейинки жерди, 19кейни, кеназ, кадмон, 20хет, периз, рафа, 21амор, канаан, гиргаш жана жебус элдеринин жерин беремин.
Currently Selected:
Башталыш 15: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018