YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 17

17
Кудайдын убадасы
1Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Жараткан Эге ага көрүнүп:
– Мен кудурети күчтүү#17:1 кудурети күчтүү … – Эврейче – «Эль-Шаддай». Кудаймын. Менин жолум менен жүр, ак жаша. 2Мен сени менен келишим түзөм, урпактарыңды сансыз көп кылам, – деди. 3Ыбрам чөгөлөп, чекесин жерге тийгизе таазим кылды. Ошондо Кудай ага мындай деди:
4– Мына, Менин сени менен түзгөн келишимим бул: сен көп элдердин атасы болосуң. 5Эми сенин ысмың Ыбрам эмес, Ыбрайым#17:5 Ыбрайым … – Эврей тилинде Ыбрам – «улуу ата», Ыбрайым – «көп элдин атасы» дегенди билдирет. болот, анткени Мен сени көп элдердин бабасы кылдым. 6Мен сенин урпагыңды сансыз көбөйтүп, сенден элдерди жаратам. Сенин урпагыңдан падышалар чыгат. 7Мен сени менен жана сенден кийинки урпагың менен – келечек муундар менен түбөлүк келишим түзөм: Мен сенин жана сенден кийинки урпагыңдын Кудайы болом. 8Азыр өзүң келгин болуп жашап жаткан жерди – бүткүл Канаан жерин сага жана сенин урпактарыңа түбөлүккө энчи кылып берем жана Мен алардын Кудайы болом.
Сүннөт – келишимдин белгиси
9Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди:
– Сен өзүң да, келечектеги тукумдарың да ушул келишимди сакташыңар керек. 10Менин сени менен жана сенден кийинки урпактарың менен түзүп, сен аткара турган келишимим мындай: араңардагы эркек аттуунун баары сүннөткө отургузулсун. 11Сүннөткө отургула, бул – Менин силер менен түзгөн келишимдин белгиси. 12Жаңы төрөлгөн ар бир эркек бала сегизинчи күнү сүннөттөлсүн. Бул муундан муунга сакталсын. Үйүңдө төрөлгөнү да, сенин тукумуңдан эмес, бирок жат элдиктен күмүшкө сатып алынганы да – 13тигиниси да, мунусу да сүннөткө отургузулушу шарт. Денеңердеги бул эн белги Менин түбөлүктүү келишимимдин белгиси болот. 14Сүннөтү кесилбеген ар бир эркек өз элинин арасынан жок кылынсын, анткени ал Менин келишимимди бузду.
Кудай убадасын аткарат
15Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди:
– Мындан ары аялыңды Сара эмес, Сарый деп чакыр. 16Мен аны жалгаймын, андан сени уулдуу кылам. Аны жалгаймын, ал элдердин энеси болот. Анын урпагынан падышалар чыгат.
17Ыбрайым чөк түшүп, чекеси жерге тийгенче таазим кылып, бирок ичинен: «Жүздөгү киши да балалуу болмок беле? Токсондогу Сарый эми төрөмөк беле?» – деп, күлдү. 18Анан Ыбрайым Кудайга:
– Ысмайылым эле аман болуп, ага батаң тийсе экен! – деди.
19Ошондо Кудай мындай деди:
– Аялың Сарый сага уул төрөп берет. Анын ысмын Ыскак#17:19 Ыскак … – «Ал күлүп жатат» деген маанини берет. деп коёсуң. Мен Өз келишимимди аны менен, анын урпактары менен түбөлүктүү келишим кылып түзөм. 20Ысмайыл тууралуу суранычыңды да уктум. Ага да батамды берем, өркөнүн өстүрөм, укум-тукумун көбөйтөм. Андан он эки бек чыгат. Мен андан улуу эл жаратам. 21Бирок Мен келишимимди эмки жылы ушул маалда Сарыйдан төрөлө турган Ыскак менен түзөмүн.
22Кудай Ыбрайым менен сүйлөшүп бүтүп, жогору көтөрүлүп кетти.
23Ыбрайым, Кудай айткандай, ошол күнү уулу Ысмайылды, үйүндө туулгандарды жана күмүшкө сатылып алынгандарды – үйүндөгү эркек аттуунун баарын сүннөткө отургузду. 24Сүннөттөлгөндө Ыбрайым токсон тогуз жашта, 25уулу Ысмайыл он үчтө эле. 26Ошол эле күнү Ыбрайым жана анын уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулду. 27Алар менен чогуу Ыбрайымдын үйүндөгү эркектин баары, анын үйүндө туулганы да, башка элден күмүшкө сатылып алынганы да сүннөткө отургузулду.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in