YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 21

21
Ыскактын төрөлүшү
1Жараткан Эге Сарыйга назарын салып, Өзү айтканын жасады. 2Сарыйдын боюна бүтүп, Ыбрайымга карыган кезинде, Кудай айткан убакта уул төрөп берди. 3Ыбрайым туулган уулуна, Сарый төрөп берген баласына Ыскак деген ат койду. 4Кудай буйрук кылгандай, Ыбрайым уулу Ыскакты сегизинчи күнү сүннөткө отургузду. 5Ыскак туулганда, Ыбрайым 100 жашта эле. 6«Кудай мага кубаныч менен күлкү тартуулады. Муну эшиткендин баары мени менен чогуу күлөт», – деди Сарый. 7Анан дагы: «Сарый бала эмизет деп Ыбрайымга ким айта алмак? Анткени ал карыганда, мен ага уул төрөп бердим», – деди. 8Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ошол күнү Ыбрайым чоң той берди.
9Ыбрайымдын мисирлик Ажардан көргөн уулу Ыскакты мазактап күлүп жатканын көргөн Сарый 10Ыбрайымга: «Мына бул күңдү баласы менен кошо кууп жибер. Бул күңдүн баласы уулум Ыскактын мурасына энчилеш болбосун!» – деди. 11Бул кеп Ыбрайымды катуу капа кылды, анткени Ысмайыл да анын өз уулу эле. 12Бирок Кудай Ыбрайымга мындай деди: «Бала менен күңүң үчүн капа болбо. Сарыйдын айтканын жаса, анткени Мен айткан тукум#21:12 тукум … – Баш. 12:7; 17:7. Ыскак аркылуу келип чыгат. 13Күңүңдүн баласынан да Мен бир эл жаратам, анткени ал да сенин тукумуң».
14Ыбрайым таң заарда туруп, нан жана бир кол чанач суу алды да, Ажардын аркасына көтөртүп, баласы менен жөнөтүп жиберди. Ажар жолго чыгып, Бээр-Шева чөлүнөн адашып кетти. 15Кол чаначтагы суу калбай калганда, Ажар баланы бир бадалдын түбүнө калтырды да, 16«Баламдын өлгөнүн көзүм көрбөсүн», деп жебе атымдай алыс жерге барып олтуруп, буркурап ыйлап кирди.
17Кудай баланын үнүн угуп, асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып, мындай деди: «Эмнеге кайгырасың, Ажар? Коркпо, балаңды калтырган жерден Кудай анын үнүн укту. 18Бар, баланы тургузуп, колунан жетеле. Мен андан улуу эл жаратам». 19Анан Кудай Ажардын көзүн ачып, ал суусу бар кудукту көрдү. Барып, чаначына суу толтурду да баласына ичирди.
20Баланы Кудай колдоп, ал эр жетти да, чөлдү мекендеп, жаа тарткан мергенчи болду. 21Ысмайыл Паран чөлүндө жашап, энеси ага Мисирден аял алып берди.
Канаан падышасы Абымелектин Ыбрайымга келиши
22Ошол убакта Абымелек аскер башчысы Пикол менен бирге Ыбрайымга келип:
– Сенин ар бир ишиңди Кудай колдойт экен. 23Андыктан азыр, Кудайдын алдында, мага, балдарыма, балдарымдын балдарына кыянаттык кылбайм деп убада бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң келгин болуп жашап жаткан элге ошондой жакшылык кыл, – деди.
24Ыбрайым:
– Убада берем, – деди.
25Анан Ыбрайым Абымелекке анын кулдары тартып алган кудукту айтып, аны жемеледи. 26Абымелек болсо:
– Муну ким жасаганын билбейм. Сен мага эч нерсе айткан эмессиң, буга чейин бул тууралуу уккан да эмесмин, – деди.
27Анан Ыбрайым майда жана кара малынан алып келип, Абымелекке берип, экөө келишим түздү. 28Ыбрайым койлорунан жети ургаачы козуну өзүнчө бөлүп койду. 29Абымелек андан:
– Эмнеге жети ургаачы козуну өзүнчө бөлүп койдуң? – деп сурады.
30Ыбрайым:
– Казган кудуктарым меники экендигинин далили катары ушул жети ургаачы козуну колумдан ал, – деди.
31Экөө ушул жерде ант беришкендиктен, ал ошол жерди Бээр-Шева#21:31 Бээр-Шева … – «Жети кудук» же «жети келишим» дегенди билдирет. деп атады.
32Бээр-Шевада келишим түзгөн соң, Абымелек аскер башчысы Пикол менен пелишти жерине кайтты. 33Ыбрайым болсо ошол жерге жылгын олтургузуп, түбөлүктүү Кудай – Жараткан Эгеге ийбадат кылды.
34Ыбрайым пелишти жеринде келгин катары көпкө жашап турду.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in