Башталыш 23
23
Сарыйдын дүйнөдөн өтүшү
1Сарый 127 жашка чыгып, 2Канаан жериндеги Кирият-Арбада, азыркы Хеврон шаарында көз жумду. Ыбрайым Сарыйды жоктоп ыйлап, аза күттү.
3Анан аялынын жасатын калтырып, хеттерге барды да:
4– Мен силердин араңарда жашаган келгин адаммын. Маркумумдун сөөгүн көмүү үчүн мага жериңерден менчикке жай бергиле, – деди.
5Хеттер Ыбрайымга мындай жооп беришти:
6– Мырзабыз, бизди уксаңыз, биз сизди Кудайдын төрөсүндөй көрөбүз. Маркум аялыңызды эң жакшы көрүстөнүбүзгө коюңуз. Маркумуңузду койгонго эч ким сизден көрүстөн аябайт.
7Ошондо Ыбрайым ошол жердин калкы болгон хеттерге таазим кылып, 8мындай деди:
– Эгер маркумумду жерге берүүгө макул болсоңуздар, анда кебиме кулак салып, Зохардын уулу Эфронго менин өтүнүчүмдү айтыңыздар. 9Ал талаасынын четиндеги Махпела үңкүрүн мага сатсын. Силердин көзүңөрчө үңкүрдүн толук наркын төлөп, аны сагана#23:9 Сагана – бир тукумдун маркумдары коюлчу күмбөз. Байыркы кездерде эврейлер маркумдун сөөгүн кепинге ороп, аска боорундагы оюлуп жасалган бөлмөдөгү текчеге коюп, бөлмөнүн оозуна чоң ташты тиретип жаап коюшчу. Бир нече убакыттан кийин ошол бөлмөнүн оозун кайрадан ачып киришип, маркумдун чирип бүткөн денесинен калган сөөктөрдү чогултуп, кумурага салып, ошол эле бөлмөдө калтырышчу. Бошоп калган текчеге улам кийинки каза болгон адамдын сөөгү коюлуп турчу. Ар бир тукумдун өзүнүн саганасы болуп, ал жерге ошол тукумдун маркумдары гана коюлчу. кылам.
10Хет Эфрон болсо өз элинин арасында олтурган. Ал шаар дарбазасынын алдына жыйналган жамы хеттерге угуза Ыбрайымга мындай деди:
11– Жок, мырзам, мени уксаңыз. Мен сизге талааны да, талаадагы үңкүрдү да берем. Өз элимдин алдында аны сизге берем, маркум аялыңызды коё бериңиз.
12Ошондо Ыбрайым хеттердин алдында ийиле таазим кылып, 13алардын баарына угуза Эфронго мындай деди:
– Мага кулак салсаңыз. Мен талаанын акысын төлөймүн, аны алыңыз. Анан маркум аялымды ошол жерге коёюн.
14Эфрон Ыбрайымга:
15– Мырзам, уксаңыз, жердин баасы 400 күмүш шекел. Бул экөөбүз үчүн эмне болуп кетиптир? Маркумуңузду коё бериңиз, – деди.
16Ыбрайым ыраазы болуп, Эфрондун Хет уулдарына угуза айткан 400 күмүш шекелди соодагерлер колдонгон ченем менен таразага тартып берди.
17Ошентип, Мамренин жанындагы Махпелада жайгашкан Эфрондун талаасы, андагы үңкүр, тегерек-четтеги бүт дарактары менен кошо 18Ыбрайымдын менчигине өттү. Буга шаар дарбазасынын алдына жыйналган хеттер күбө болду.
19Анан Ыбрайым аялы Сарыйды Канаан жериндеги Мамреге, азыр Хеврон аталган Махпела талаасындагы үңкүргө койду. 20Ошентип, хеттерге тиешелүү талаа үңкүрү менен кошо Ыбрайымдын карамагындагы сагана болуп калды.
Currently Selected:
Башталыш 23: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018