YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 25

25
Ыбрайымдын соңку жылдары
1Ыбрайым дагы аял алды. Ал аялдын аты Кетура эле. 2Ыбрайым андан Зимран, Иокшан, Медан, Мидиян, Ишбак жана Шуах аттуу уулдарды көрдү. 3Иокшандан Шеба менен Дедан туулду. Дедандан ашур, летуш жана леум элдери чыккан. 4Мидияндан Эфа, Эфер, Ханох, Абида жана Элдаа деген уулдар туулду. Ушулардын баары – Кетуранын уулдары.
5Ыбрайым колундагы мал-мүлкүнүн баарын Ыскакка берди. 6Ал эми токолдорунан көргөн уулдарына энчи берип, көзүнүн тирүүсүндө эле уулу Ыскактан оолак, чыгыш тарапка көчүрдү.
7Ыбрайым 175 жыл жашады. 8Ал карылык дооронун сүрүп, узак жашады, өмүргө карк болуп, дүйнө салды да, ата-бабаларына кошулду. 9Уулдары Ыскак менен Ысмайыл анын сөөгүн Мамреге жакын жердеги, хет Зохардын уулу Эфрондун талаасындагы Махпела үңкүрүнө коюшту. 10Ыбрайым бул талааны хеттерден сатып алган. Ал ошол жерге, аялы Сарыйдын жанына коюлду. 11Ыбрайым көз жумган соң, Кудай анын уулу Ыскакка берекесин берди. Ыскак Лахай-Рои булагынын жанында жашачу.
Ысмайылдын урпактары
12Бул Сарыйдын мисирлик күңү Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулу Ысмайылдын санжырасы. 13Ысмайыл уулдарынын аттары улуулата айтканда мындай: тун уулу Наваёт, анан Кедар, Адбиел, Мипсам, 14Мишма, Дума, Масса, 15Хадат, Тема, Жетур, Напиш жана Кедма. 16Ысмайылдын бул он эки уулу уруу башчылары болгон. Ушул уруулар чатыр тигип жашаган жерлер алардын ысымы менен аталып калган. 17Ысмайыл 137 жашында дүйнөдөн өтүп, ата-бабаларына кошулду. 18Ысмайылдын урпактары Хавиланын жана Мисирдин чыгышындагы Шурдун ортосундагы аралыкта, Ашурга барчу жолдо башка туугандарынан алыс жашашты.
Эсап менен Жакыптын төрөлүшү
19Ыбрайымдын уулу Ыскактын санжырасы мындай: Ыскактын атасы Ыбрайым. 20Ыскак Паддан-Арамда жашаган арамилик Бетуелдин кызы, Лабандын карындашы Рабигага үйлөнгөндө кырк жашта эле. 21Рабиганын согончогу канабагандыктан Ыскак Жараткан Эгеге сыйынды. Жараткан Эге анын сыйынуусун угуп, аялы Рабиганын боюна бүттү. 22Анын курсагындагы балдар бири-бири менен тебише баштады. Ошондо Рабига «эмнеге башыма мындай иш түштү» деп, Жараткан Эгеден сурады. 23Жараткан Эге ага мындай деди:
«Сенин ичиңде эки эл жатат,
Сенден эки башка эл чыгат.
Биринен бири ашып өтүп,
Улуусу кичүүсүнө кул болот».
24Рабиганын көз жарар маалы келгенде, курсагында эгиз балдар бар экени билинди. 25Биринчиси эти кыпкызыл болуп, денеси теридей түктүү эле. Ошондуктан анын атын Эсап#25:25 Эсап … – Эврейче «түктүү» деген сөзгө окшош. коюшту. 26Анан Эсаптын согончогун кармап, иниси чыкты. Аны Жакып#25:26 Жакып … – «Согончок» дегенди билдирет. деп аташты. Алар туулганда, Ыскак алтымыш жашта эле.
Эсаптын тунгучтук укугун сатышы
27Балдар эр жетти. Эсап талаа-түздү сүйгөн кыйын аңчы, Жакып болсо чатырдан чыкпаган момун адам болду. 28Аңдын эти жаккандыктан, Ыскак Эсапты жакшы көрчү. Ал эми Рабига Жакыпты жакшы көрөр эле.
29Бир күнү Жакып тамак бышырып жатканда, Эсап талаадан ачка келди. 30Ал Жакыпка:
– Мага кызылдан, мына бул кызылдан берчи, шайым кетти, – деди.
Ушул үчүн Эсап Эдом#25:30 Эдом … – «Кызыл» дегенди билдирет. деп да аталып кеткен. 31Жакып:
– Алгач тун уулдук укугуңду мага сат! – деди.
32– Өлгөнү турганда тунгучтуктун мага эмне кереги бар? – деди Эсап.
33– Алгач мага ант бер, – деди Жакып.
Эсап ант берип, тунгучтугун Жакыпка сатты. 34Ошондо Жакып ага нан менен жасмык сорпо берди. Эсап болсо тамагын ичти да, басып кетти. Ушинтип, Эсап тунгучтугун барктаган жок.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in