Башталыш 31
31
Жакыптын Лабандан качып чыгышы
1Жакып Лабандын балдарынын: «Жакып атабыздын колундагыны түгөл тартып алып, мал-мүлкүн анын эсебинен чогултту», – дегенин угуп калды. 2Ал Лабандын да ырайы бузулуп, мурдагыдай болбой калганын байкады. 3Ошондо Жараткан Эге Жакыпка: «Ата-бабаларың менен туугандарыңдын жерине кайт, Мен сени колдойм», – деди.
4Ошентип, Жакып Рахел менен Леяны малы турган талаага чакыртып алып, 5аларга мындай деди:
– Атаңардын ырайы мурдагыдай эмес. Бирок ата-бабаларымдын Кудайы мени колдоду. 6Силер өзүңөр билгендей, мен атаңарга бар күчүмдү аянбай кызмат кылдым. 7Атаңар болсо мени алдап, далай жолу эмгек акымды өзгөрттү. Кудай гана андан мени сактады. 8Ал: «Темгили бар мал сенин кызмат акың болсун» дегенде, малдын баары темгил тууду, «чаары кызмат акың болсун», – дегенде, малдын баары чаар тууду. 9Ошентип, Кудай атаңардын малын андан алып, мага берди. 10Куут убагында түш көрсөм, кууган малдын баары эле ала-кула, темгил, тагы бар экен. 11Анан мага Кудайдын периштеси: «Жакып!» – деди. Мен: «Кулагым сенде», – деп жооп кайтардым. 12«Карачы, – деди Ал, – кууган текелердин баары ала-кула, темгил, чаар. Анткени Лабандын сага эмне кылып жатканын бүт көрдүм. 13Мен Бейтелден сага жолуккан Кудаймын. Ал жерден өзүң таш эстеликке май куюп, Мага ант берген элең. Эми бул жерден кетип, туулган жериңе кайт».
14Ошондо Рахел менен Лея Жакыпка мындай дешти:
– Эмне, атабыздын үйүндө бизге берер үлүш, энчиси калды беле? 15Ал бизди бөлөк-бөтөн немедей көрүп калган. Бизди сатып, биз үчүн эмне алса, ошонун баарын жеп койду. 16Атабыздан Кудай тартып алган байлыктын баары – биздин жана балдарыбыздын энчиси. Андыктан Кудай сага эмне десе, ошону кыл.
17Жакып дароо балдары менен аялдарын төөлөргө мингизди. 18Ал малынын баарын алдына салып, Паддан-Арамда тапкан бүт мүлкүн алып, атасы Ыскакка, Канаан жерине жөнөдү. 19Лабан кой кыркынга кеткенде, Рахел атасынын буркандарын уурдап алды. 20Жакып болсо кетип жатканын айтпай, арамилик Лабанды алдап кетти. 21Ал бардык тапкан-ташыгандарын алып качып, Эвфрат дарыясын кечип өттү да, Гилат тоосуна бет алды.
22Үчүнчү күнү Жакыптын кеткени тууралуу Лабанга кабар жетти. 23Ал туугандарын алып, Жакыптын аркасынан түштү да, жети күн кубалап, тоолуу Гилат аймагынан кууп жетти. 24Бирок түндө Кудай арамилик Лабандын түшүнө кирип, ага: «Абайла, Жакыпка жаман да, жакшы да сөз айтпагын!» – деди.
25Лабан Жакыпты кууп жеткенде, Жакып тоолуу Гилат аймагына чатырын тигип койгон болчу. 26Анан Лабан Жакыпка мындай деди:
– Бул эмне кылганың? Мени алдапсың, кыздарымды колго түшкөн туткундай алып качыптырсың. 27Эмнеге мага айтпай, жашыруун кеттиң. Мага айтканыңда, оюн-күлкү менен, дап кактырып, лира черттирип узатат элем го? 28Сен мага неберелерим менен кыздарымды өптүрүп, жакшы баргыла дедирткен жоксуң. Бул кылганың – акмакчылык! 29Кечээги түнү ата-бабаларыңдын Кудайы түшүмө кирип: «Абайла, Жакыпка жаман да, жакшы да сөз айтпагын!» – дебегенде, сага жамандык кылганга кудуретим жетмек. 30Сен өзүң кетсең бир жөн, атаңдын үйүн сагынгандырсың. Бирок эмнеге буркандарымды уурдап кеттиң?
31– Качканым, кыздарыңызды тартып аласыз деп корктум, – деди Жакып ага жооп берип. 32– А буркандарыңызды кимден тапсаңыз, ал тирүү калбасын. Ага-туугандардын көзүнчө карап чыгыңыз. Эгер менден бир нерсеңиз табылса, алып кетиңиз!
Лабандын буркандарын Рахел уурдап алганын Жакып билген эмес.
33Лабан Жакыптын, Леянын жана эки күңдүн чатырынан карап, таба албады. Леянын чатырынан чыгып, Рахелдин чатырына кирди. 34Рахел болсо буркандарды төөнүн чомунун алдына коюп, үстүнө олтуруп алган эле. Лабан чатырды толук аңтарып чыгып да буркандарын таппады. 35Рахел атасына:
– Ордуман турбаганыма ачууланбаңыз, ата. Аялзатынын оорусуна#31:35 … оорусуна … – Айыз. кабылган учурум, – деди.
Ошентип, Лабан баарын карап чыгып, буркандарын таба албады.
Жакыптын жөн жерден ачууланышы
36Ошондо Жакыптын ачуусу келип, Лабан менен мындай деп уруша кетти:
– Аркамдан сая түшкүдөй, айыбым кайсы? Мен эмне күнөө кылдым? 37Буюмдарымдын баарын аңтарып чыгып, өзүңүзгө караштуу бирдеме таптыңызбы? Кана, тапсаңыз, аны бул жерге, туугандарыбыздын алдында көрсөтпөйсүзбү? Экөөбүзгө алар калыс болушсун. 38Мен жыйырма жыл сиздикинде болдум. Кой-эчкилериңиз ара тууган жок, оторуңуздагы кочкорлордон жеп алган жокмун. 39Ит-куш жеген малыңызды сизге алып барбай, ордун өзүм тургуздум. Күндүз жоголгонун да, түндө жоголгонун да менин эсебимден алып турдуңуз. 40Мен күндүз ысыктан, түнү сууктан куурадым, уйку бетин көрбөдүм. 41Үйүңүздөгү жыйырма жылым ушинтип өттү. Он төрт жыл эки кызыңыз үчүн, алты жыл малыңыз үчүн кызмат өтөдүм, сиз болсо кызмат акымды далай жолу өзгөрттүңүз. 42Эгерде бабам Ыбрайымдын Кудайы менен атам Ыскак корккон Кудай мага жар болбогондо, сиз мени куру кол кууп жибермексиз. Бирок Кудай тарткан азабымды, кылган мээнетимди көрүп, кечээ түнү таламымды талашты.
Жакып менен Лабандын келишим түзүшү
43Ошондо Лабан Жакыпка мындай деп жооп берди:
– Бул кыздар – менин кыздарым, бул балдар – менин балдарым. Бул мал да менин малым. Көрүп турганыңдын баары – меники. Бирок кыздарыма, алардан туулган балдарыма бирдеме кыла аламбы? 44Кел, экөөбүз келишим түзөлү, ортобузда аны эстетип турган күбө болсун.
45Ошондо Жакып бир ташты алып, аны эстелик кылып тургузуп койду. 46Анан туугандарына «таш жыйнап келгиле» деп буйрук берди. Алар таш жыйнап келип, дөбө үйүштү да, жанына дасторкон жайып олтурушту. 47Лабан ал дөбөнү Жыгар-Саадута#31:47 … Жыгар-Саадута … – Арами тилинде «күбө дөбө». деп, Жакып болсо Галет#31:47 … Галет … – Эврейче «күбө дөбө». деп атады. 48Анан Лабан:
– Ушул таш дөбө экөөбүзгө күбө болсун, – деди.
Ошондуктан ал жер Галет аталып калды. 49Ошондой эле Миспа#31:49 Эврейче «Кароол мунара» дегенди билдирет. деп да аталды. Анткени Лабан: «Экөөбүз эки жакка кеткенде, Жараткан Эгенин көзү ар бирибиздин үстүбүздө болсун. 50Эгерде кыздарыма жаман мамиле кылып, алардын үстүнө аял алсаң, анда муну көрүп турган адам болбосо да, Кудай Өзү күбө болот», – деди. 51Лабан Жакыпка жана мындай деди:
– Мынакей, мына бул таш дөбө менен экөөбүздүн ортобузга мен орноткон эстелик. 52Булар биздин келишимге күбө болуп, экөөбүздүн ортобузда турат. Мен сага жамандык кылыш үчүн ушул дөбөдөн ары өтүп барбайм, сен да мага жамандык жасаш үчүн бери өтпөйсүң. 53Ыбрайым менен Нахордун Кудайы, алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузга калыс болсун.
Анан Жакып атасы Ыскак корккон Кудайдын аты менен ант берди. 54Анан тоонун башында курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанган соң, тоодо түнөп калышты. 55Эртеси Лабан эрте туруп, неберелери менен кыздарын өөп, аларга батасын берди да, кайрылып үйүнө кетти.
Currently Selected:
Башталыш 31: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: