Башталыш 33
33
Жакып менен Эсаптын кездешүүсү
1Жакып караса, Эсап келатыптыр, жанында 400 кишиси бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки күңдүн балдарын өз энелерине кошуп, бөлүп койду. 2Адегенде эки күңүн балдары менен, Леяны жана анын балдарын алардан кийин, Рахел менен Жусупту эң артына койду. 3Өзү алардын алдына түшүп, агасына жеткенче, жети ирет жерге жете таазим кылды. 4Эсап да Жакыпты карай чуркап келип, мойнунан кучактап өөп анан экөө тең ыйлап жиберишти. 5Эсап айланасын карап, аялдар менен балдарды көрүп:
– Жаныңдагылар кимдер? – деди.
Жакып:
– Кудайдын кулуңузга берген балдары, – деп жооп берди.
6Ошондо күңдөр балдары менен келип, таазим кылышты. 7Лея да балдары менен Эсапка жүгүнүштү. Аягында Жусуп менен Рахел келип, таазим кылышты. 8Ушундан соң Эсап:
– Алдыман чыккан жоон топ малды эмнеге айдатып жибердиң? – деди.
– Мен аларды мырзамдын көңүлүнө жагайын деп жөнөткөм, – деди Жакып.
9– Менин дүнүйөм көп, иним, – деди Эсап ошондо, – өзүңдүкү өзүңө буюрсун.
10Жакып:
– Жок, эгерде көңүлүңүзгө толгон болсом, менин тартуумду алыңыз. Мен сизди көргөндө, Кудайды көргөндөй болдум. Сиз мени жылуу тосуп алдыңыз. 11Эми сизге алып келген бул тартуумду алып коюңуз. Кудай мага чоң кайрым кылгандыктан менде баары бар, – деди.
Жакып кайра-кайра сурангандыктан, Эсап анын тартуусун алды.
12– Жүргүлө, туралы. Мен алдыга басайын, – деди Эсап.
13Бирок Жакып ага:
– Балдарымдын сөөгү ката элек жаш экенин көрүп турасыз, мырзам. Кой менен уйларым да жаңы эле тууган. Аларды бир күн катуу айдасак, баары өлүп калат. 14Андыктан мырзам кулунун алдында кете берсин. Мен болсо мырзама, Сеирге#33:14 … Сеирге … – Эсап Жакыпты Сеирге чакырган. жеткиче, мал менен балдарымдын басыгына карап, шашпай барайын, – деди.
15Эсап:
– Анда жанымдагы адамдардан бир нечесин сага калтырып кетейин, – деди.
Жакып:
– Жок, кереги жок. Мырзамдын көңүлүнө толсом эле жетишет, – деди.
16Ошентип Эсап ошол эле күнү Сеирге жөнөп кетти. 17Жакып болсо Суккотко барып, ошол жерде өзүнө үй, малына бастырма курду. Ал жердин Суккот#33:17 … Суккот … – Мааниси «алачыктар, бастырмалар». деп аталып калганы ушундан.
Жакыптын дагы көчүп, Шекемде калышы
18Жакып Паддан-Арамдан Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-эсен келди да, шаардын сыртына чатырларын тикти. 19Ал чатырын тиккен ушул жерди Хамордун уулдарынан 100 теңгеге сатып алды. Ал эми Хамордун бир уулунун аты Шекем эле. 20Анан Жакып ошол жерге курмандык жай куруп, аны «Ысрайылдын Кудайы – чыныгы Кудай» деп атады.
Currently Selected:
Башталыш 33: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: