Башталыш 38
38
Тамардын тагдыры
1Ошол убакта Иуда бир туугандарынан бөлүнүп, адулламдык Хира деген кишинин жанына барып отурукташты. 2Иуда ошол жерден канаандык Шаа дегендин кызын учуратып, ага үйлөндү да, анын жанына кирди. 3Аялынын боюна бүтүп, уул төрөдү. Иуда ага Эр деген ат койду. 4Аялы дагы кош бойлуу болуп, уул төрөдү да, анын атын Онан койду. 5Ал дагы уул төрөп, анын атын Шела койду. Шела туулганда, Иуда Кезибде болчу.
6Иуда тун уулу Эрди Тамар деген кызга үйлөнттү. 7Жараткан Эге Иуданын тунгучу Эр жаман адам экенин көрүп, анын жанын алды. 8Анан Иуда Онанга:
– Агаңдын аялына үйлөнүп, кайнилик милдетиңди орундат. Агаңдан туяк калсын,#38:8 Мыйзамды кайталоо китеби 25:5 – 6. – деди.
9Онан болсо бала өзүнүкү болбосун билип, агасынын тукумун улагысы келбей, агасынын аялы менен жатканда, уругун жерге агызып салчу. 10Анын мындай кылганы Жараткан Эгеге жакпагандыктан, Ал анын да жанын алды. 11Ошондо Иуда Тамарга:
– Атаңдын үйүнө барып, уулум Шела эр жеткенче жесир катары жашай тур, – деди. Себеби Иуда: «Шела да агаларына окшоп өлүп калбагай эле», – деп ойлогон. Ошентип, Тамар атасынын үйүнө кайтты.
12Арадан көп убакыт өтүп, Шаанын кызы – Иуданын аялы кайтыш болду. Аза күтүү убагы бүткөндө, Иуда адулламдык досу Хира менен Тимнадагы койлорун кыркып жаткан адамдарга жөнөдү.
13Кайнатасынын Тимнага кой кыркынга бара тургандыгын Тамарга айтышты. 14Тамар ошондо жесирлик кийимин чечип, жамынчысын жамынып алып, Тимнага кетчү жолдогу Энайым шаар дарбазасынын жанына барып олтурду. Анткени Шела эр жетсе да, Иуда Тамарды Шелага алып берген эмес.
15Тамардын жүзү жабык болгондуктан, Иуда аны көргөндө, сойку аял деп ойлоду. 16Иуда жолдон бурулуп, анын жанына келди да, келини экенин билбей:
– Жүр, сени менен жатайын, – деди.
Тамар:
– Жатсаңыз, акысына эмне бересиз? – деди.
17Иуда:
– Малымдан бир улак берип жиберем, – деди.
– Улагыңыз келгенге чейин күрөөгө бир нерсе калтырыңыз, – деди Тамар.
18Иуда:
– Күрөөгө эмне берейин? – деп сурады.
Тамар:
– Мөөрүңүздү боосу менен, ага кошуп колуңуздагы таягыңызды да калтырыңыз, – деди.
Иуда сурагандарын берип, аны менен жатты да, андан Тамардын боюна бүттү. 19Тамар ал жерден кетти да, жамынчысын чечип, жесирдик кийимдерин кийди.
20Иуда болсо адулламдык досуна улакты берип, күрөөгө калтырган буюмдарын алып келүүгө жиберди. Бирок Хира аялды таппады. 21Хира ошол жерликтерден:
– Энайымда, жол боюнда олтурчу жанагы аял кайда кеткен? – деп сурады.
Алар болсо:
– Бул жерде эч кандай аял олтурчу эмес, – деп жооп беришти.
22Хира Иудага кайтып келип:
– Аялды таба албадым. Энайымдыктар да ал жерде эч кандай аял болгон эмес дешти, – деди.
23Иуда:
– Мейли, буюмдарым анда кала берсин. Шылдың болбосок эле болду. Мен го улакты берип жибердим, бирок сен аялды таба албай келбедиңби, – деди.
24Арадан үч ай өткөндөн кийин Иудага: «Келиниң Тамар аягы суюктук кылып, азыр кош бойлуу экен», – деген сөз жетти. Ошондо Иуда:
– Аны сыртка алып чыгып, өрттөп жибергиле, – деди.
25Тамарды үйүнөн алып чыгышканда, ал кайнатасына: «Мен мына бул буюмдардын ээсинен кош бойлуу болдум. Бул мөөр, мөөрдүн боосу жана таяк кимдики, тааныйсызбы?» – деп айттырып жиберди. 26Иуда буюмдарын таанып: «Аныкы туура, мен аны уулум Шелага алып бербей койгом», – деди. Ушундан кийин Иуда Тамар менен жаткан жок.
27Тамардын төрөй турган маалы келгенде, курсагында эгиз бала бар экени маалым болду. 28Төрөт убагында балдардын бири колун чыгарды. Аначы аял «ушунусу биринчи төрөлдү» деп, баланын колун кармап, билегине кызыл жип байлап койду. 29Бирок ал колун кайра тартып алды, анан биринчи анын бир тууганы төрөлдү. Аначы аял: «Сен кантип жол таап чыктың?» – деп, анын аты Перес#38:29 … Перес … – «Умтулуу» дегенди билдирет. коюлду. 30Анын артынан колуна кызыл жип байланган бир тууганы төрөлдү. Ага Зерак#38:30 … Зерак … – Бабыл жана батыш арами тилинде «кочкул кызыл» дегенди билдирет. деген ат коюлду.
Currently Selected:
Башталыш 38: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018