YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 9

9
1Кудай Нух менен анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Өсүп-өнүп, тукумуңар көбөйүп, жерди толтургула. 2Жер бетиндеги айбандар, асмандагы куштар, жер үстүндөгү майда жандыктар менен деңиздеги балыктардын баары силерден коркуп, үркүп турсун. Себеби алар силердин колуңарга берилди. 3Бардык жаныбарлар силерге тамак болот. Өсүмдүктөрдү берген сыяктуу, Мен силерге баарын берип жатам.
4Бирок канын агызбай туруп, этин жебегиле, себеби алардын жаны канында. 5Эгер силердин да каныңар төгүлсө, Мен анын да кунун алам. Адамды өлтүргөн айбандан да, кишиден да кун алам.
6Ким төксө канын адамдын,
Анын да каны төгүлөт
Башка адамдын колунан.
Анткени Кудай адамды
Өз бейнесиндей жараткан.
7Силер болсо өсүп-өнүп, көбөйүп, жер бетине тарагыла».
8Кудай Нухка жана анын уулдарына дагы мындай деди: 9«Мына, Мен силер менен, келечек тукумдарыңар менен 10жана силер менен бирге болгон бардык тирүү макулуктар – канаттуулар, мал, жапайы айбандар – силер менен бирге кемеден чыккан жер бетиндеги бардык жан-жаныбарлар менен келишим түзөм. 11Мындан ары эч бир тирүү жан топон суудан кырылбайт жана жерди кыйрата турган топон суу эч качан болбойт деп силер менен келишим түзөм» – деди. 12Анан Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен жана жаныңардагы жан бүткөндүн баары менен келечек урпактар үчүн түбөлүккө түзгөн келишимимдин белгиси бул: 13Мен булут арасына көк желемди жайгаштырам, бул – Мени менен жерде жашагандардын ортосундагы келишимдин белгиси. 14Мен жер үстүнө булут жибергенимде, алардын арасынан көк желе көрүнөт. 15Ошондо Мен Өзүмдүн силер менен жана жан бүткөндүн баары менен түзгөн келишимимди эске аламын. Топон суу эми эч качан жандуу аттууну жок кылбайт. 16Булуттун арасында турган көк желени көргөн сайын, Мен жерде жашоочулардын баары менен түбөлүккө түзгөн келишимимди эстеп турам». 17Анан Кудай Нухка: «Бул Менин жерде жашоочу бардык тирүү жандар менен түзгөн келишимимдин белгиси», – деди.
Хамдын күнөөсү
18Нухтун кемеден чыккан уулдарынын аттары: Шем, Хам, Жепет. Хам Канаандын атасы эле. 19Булар Нухтун үч уулу эле, алардан жер жүзүндөгү бардык элдер тараган.
20Нух жер айдап, биринчи болуп жүзүм отургузду. 21Ал шарап ичип, мас болуп, чатырдын ичинде жылаңач жатып калды. 22Канаандын атасы Хам өз атасынын жылаңач денесин көрүп, сыртка чыгып, муну эки бир тууганына айтты. 23Шем менен Жепет болсо бир чапанды ийиндерине салып, арты менен ичкери киришти да, атасынын денесин жабышты. Алар башка жакты карап турушкандыктан, анын жылаңач денесин көрүшкөн жок. 24Нух өзүнө келгенден кийин, кенже уулунун кылган ишин угуп, 25мындай деди:
«Каргыш тийсин Канаанга!
Өз бир туугандарына
Кулдун кулу болсун ал!»
26Андан кийин ал:
«Шемдин Кудай Эгеси
Алкышталсын! Ал эми
Канаан Шемге кул болсун!
27Тынч жашатып Шем менен,
Кенен кылсын Кудайым,
Жепетимдин өрүшүн.
Канаан ага кул болсун!»
– деди.
28Топон суудан кийин, Нух дагы 350 жыл өмүр сүрдү. 29Нух бардыгы болуп 950 жыл жашап, дүйнөдөн өттү.

Currently Selected:

Башталыш 9: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in