YouVersion Logo
Search Icon

Жакан 20

20
Ыйсанын тирилиши
1Жуманын биринчи күнү таң азанда магдалалык Мариям көргө келип, анын оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып калганын көрдү. 2Ал Ысман-Петир менен Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып, аларга:
– Эгебизди көрдөн алып кетишиптир! Кай жерге коюшканын билбейбиз – деди.
3Петир менен ошол шакирт дароо шаардан чыгып, көргө бет алышты. 4Экөө тең чуркаган бойдон жөнөп, бирок алиги шакирт Петирден ылдамыраак жүгүргөндүктөн, көргө биринчи жетти. 5Анан эңкейип кепиндин жатканын көрдү да, бирок ичине кирбеди. 6-7Ошол кезде анын артынан Ысман-Петир да жетип келип, түз эле көргө кирди. Ал да кепин менен Ыйсанын башын орогон сүлгүнүн жатканын көрдү. Бирок сүлгү кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан экен. 8Анан биринчи болуп келген алиги шакирт көргө кирди. Ал көрдү да ишенди. 9Ал кезде алар Ыйык Жазуулар боюнча Анын өлүмдөн кайра тирилүүгө тийиш экендигин алиге чейин түшүнүшө элек эле. 10Ушундан кийин шакирттери үйлөрүнө кайтышты.
Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү
11Мариям болсо үңкүрдүн жанында ыйлап турду. Ыйлап жатып, ал эңкейип, көрдүн ичин карады. 12Ичинен ал ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен. 13Периштелер ага:
– Аялзаты, неге ыйлап турасың? – дешти.
Ал периштелерге:
– Эгемди алып кетишиптир, эми кай жерге коюшканын билбейм, – деди.
14Ушуну айткандан кийин артына бурулган ал Ыйсанын турганын көрдү, бирок тааныбады. 15Ыйса андан:
– Аялзаты, неге ыйлап турасың? Кимди издеп жүрөсүң? – деп сурады.
Мариям аны багбан экен деп ойлоп:
– Мырза, аны алып кеткен сиз болсоңуз, кай жерге койгонуңузду айтыңызчы, мен алып келейин, – деди.
16Ошондо Ыйса ага:
– Мариям, – деди.
Мариям Ыйсага бурулуп, эврейче:
– Раббуни! – деди. Бул сөз «устатым» деп которулат.
17Ыйса ага:
– Мени кармаба, себеби Мен али Атабызга көтөрүлө элекмин. Боордошторума барып, Менин Атама – силердин да Атаңарга, Менин Кудайыма – силердин да Кудайыңарга көтөрүлөрүмдү айт! – деди.
18Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Эгебизди көргөнүн жана Анын бул айткандарын кабарлап, айтып берди.
Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү
19Ошол эле күнү кечинде Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулушуп, иудей башчыларынан корккондуктан, эшиктерин бекитип отурушкан эле. Капилеттен Ыйса ортосунда пайда болуп:
– Ассалом алейкум! – деди.
20Ыйса муну айткандан кийин, аларга эки колундагы жана боорундагы жараттарын көрсөттү. Шакирттери Эгесин көрүшкөнүнө өтө кубанып кетишти.
21Ассалом алейкум! – деди Ыйса экинчи ирет. – Асмандагы Атабыз Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди дүйнөгө жиберем. – 22Ушундай деп, Ал шакирттерине демин үйлөп мындай деди:
– Ыйык Рухту кабыл алгыла! 23Кимдин күнөөсүн кечирсеңер, кечирилет, ал эми кимдин күнөөсүн кечирбесеңер, аларды Кудай да кечирбейт.
24Он эки шакирттин бири Том-Эгиз, Ыйса келген кезде алардын арасында жок эле. 25Башка шакирттер:
– Биз Эгебизди көрдүк, – дешкенде, ал: – Мен анын колунан кагылган мыктардын ордун көрүп, манжамды мыктардын изине, колумду бооруна тийгизмейинче, тирилгенине эч ишенбейм, – деди.
26Бир жумадан кийин Ыйсанын шакирттери дагы ошол үйгө чогулушту, Том да алар менен бирге болчу. Эшик бекитилүү эле, бирок Ыйса келди да, ортого туруп:
– Ассалом алейкум! – деди.
27Андан кийин Томго кайрылып:
– Менин колума манжаңды тийгизип, колумду боорума коюп көр да, ишенбөөчү болбой, ишенүүчү бол! – деди.
28Том ага:
– Эгем менин! Кудайым менин! – деди.
29Ыйса ага:
– Том, сен Мени көргөндүгүңдөн ишенип жатасың, бирок көрбөй туруп ишенгендер кандай бактылуу, – деди.
30Ыйса шакирттеринин көз алдында бул китепте жазылбаган башка дагы көптөгөн ажайып-жышаандарды көрсөттү. 31Ал эми мунун баары силер Ыйсанын Машаяк, Кудай Уулу экенине ишенип, ишенгениңерден улам чыныгы өмүргө ээ болсун деген максат менен жазылды.

Currently Selected:

Жакан 20: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in