Жакан 8
8
Күйөөсүнүн көзүнө чөп салып кармалган аял
1Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти. 2Эртеси күнү таң эртең менен кайтып, ийбадаткананын короосуна барды. Мүлдө калайык Анын алдына келди. Ыйса отуруп алып, элге таалим айтты. 3Ошол кезде бир нече дин мугалимдери менен фарисейлер күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жаткан жеринде кармалган аялды алып келип, ортого тургузушту да, 4Ыйсага карап:
– Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды! 5Тоорат мыйзамында Муса бизге: «Мындайлар таш бараңга алынып өлтүрүлсүн!»#8:5 Леб. 20:10; Мыйз. 22:22 – 24. деп буюрган. Сиз буга кандай дейсиз? – дешти.
6Алар Ыйсаны сынап, айыпка жыгууга шылтоо табыш үчүн гана айтышты. Бирок Ыйса эңкейип сөөмөйү менен жерге бирдемени жазып, аларга көңүл бөлбөдү. 7Тигилер улам-улам сурай берген соң, башын көтөрүп:
– Араңарда ким күнөөсүз болсо, аялга биринчи болуп таш ыргытсын, – деп, 8кайрадан эңкейип, жазганын уланта берди.
9Алар бул сөздү укканда, адегенде улуулары, андан кийин калгандары биринин артынан бири кете башташты. Ыйса менен ортодо турган аял гана калды. 10Ошондо Ыйса башын көтөрүп:
– Аялзаты, айыптоочуларың кайда кетти? Сага эч ким өкүм чыгарган жокпу? – деп сурады.
– 11Эч кимиси, оо, мырза, – деди аял.
– Мен да сага өкүм чыгарбайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! – деди Ыйса.
Ыйса – Кудайдын бул дүйнөдөгү жарыгы
12Ыйса дагы бир жолу элге сүйлөп отуруп, мындай деди:
– Мен – бул дүйнөдөгүлөр үчүн Кудайдын жарыгымын. Мени ээрчиген киши мындан ары караңгыда жүрбөй, өмүрдүн жарыгына ээ болот.
13Ошондо фарисейлер:
– Сен өзүңө жалгыз өзүң гана күбөсүң, ошондуктан күбөлүгүң жарабайт, – дешти.
– 14Мен Өзүмө жалгыз Өзүм гана күбөлүк берсем да, күбөлүгүм акыйкат. Себеби Мен кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди да, кайда барарымды да билбейсиңер. 15Силер пенденин ою боюнча өкүм чыгарып жатасыңар, Мен болсом эч кимге өкүм чыгарбайм. 16Өкүм чыгарсам да, жалгыз Өзүм эмес, Мени жиберген Атам менен бирге чыгарам. 17Силердин Тоораттагы мыйзамыңарда да «эки адамдын күбөлүгү чындык»#8:17 Мыйз. 19:15. деп жазылган эмеспи? 18Мен Өзүмө Өзүм күбөмүн. Мени жиберген Атам да Мага күбө.
– 19А сенин атаң кайда? – деп сурашты алар.
– Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер, – деди Ыйса аларга. – Эгер Мени билсеңер, анда Атамды да билмексиңер.
20Ыйса бул сөздү ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн жанында таалим берип отурганда айтты. Бирок Аны эч ким кармаган жок. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле.
Ыйсанын бара турган жайы
21Ыйса кайрадан элге кайрылып мындай деди:
– Мен бул жерден кетемин. Силер Мени издейсиңер жана күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар.
22Ошондо иудей башчылары өз ара:
– «Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар» дегени ал өзүн өзү өлтүрмөкчү болгонубу? – дешти.
– 23Силер жерденсиңер, Мен болсо көктөнмүн, – деди Ыйса сөзүн улай, – силер ушул дүйнөлүксүңөр, Мен болсо бул дүйнөлүк эмесмин. 24Ошондуктан Мен силерге «күнөөкөр бойдон өлөсүңөр» дегем. Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экениме ишенбесеңер, анда чындап эле күнөөкөр бойдон өлөсүңөр.
25Ошондо тигилер:
– Киммин дедиң? – дешти.
Ыйса жооп кайтарып айтты:
– Силерге эң башынан бери эле киммин деп айтып келатсам, дал ошонун Өзүмүн. 26Силер тууралуу айтып, өкүм чыгара турган себептерим көп. Бирок Мени жиберген – акыйкат, Мен адамдарга ошондон укканымды айтамын.
27Ал көктөгү Атасы жөнүндө айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок. 28Ошондуктан Ыйса сөзүн улап:
– Силер Адам Уулун жогору көтөрүп койгондо, Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экенимди жана бардыгын Өз каалоом менен эмес, асмандагы Атабыз кандай үйрөткөн болсо, ошондой сүйлөгөнүмдү билесиңер. 29Мени жиберген Мени менен бирге. Мен ар дайым Ага жакканды кылгандыгымдан, Атам Мени жалгыз калтырбайт, – деди.
30Ыйса муну айтып жатканда, көптөгөн адамдар Ага ишеништи.
Машаяк берүүчү эркиндик
31Ыйса Өзүнө ишенгендерге мындай деди:
– Эгер силер айтканымды эсиңерге сактап, ошого ылайык жашасаңар, чыныгы шакирттерим болосуңар. 32Ошондо акыйкатты таанып каласыңар жана ал силерди эркин кылат.
33Алар:
– Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, анан «эркин болосуңар» дегениң кандай? – дешти.
34Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким күнөө жасаса, ал – күнөөнүн кулу. 35Бирок кул эмес, уул гана атасынын үйүндө түбөлүк жашайт, буга анын акысы бар. 36Анын сыңары, эгер силерди Кудай Уулу эркин кылса, чындап эркин болосуңар. 37Ыбрайымдын тукуму экениңерди билем. Бирок Мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, себеби сөздөрүмө жүрөгүңөрдөн орун берген жоксуңар. 38Мен Атамдан көргөндөрүм жөнүндө айтып жатам. Силер болсо өзүңөрдүн түп атаңардан укканыңарды кылгыла.
– 39Биздин түпкү атабыз Ыбрайым, – дешти алар.
Анда Ыйса мындай деди:
– Силер чындап эле Ыбрайымдын балдары болсоңор, анын кылганын кылмаксыңар. 40Бирок анын ордуна силер Кудайдан уккан акыйкатты жеткизген Мени өлтүргүңөр келип жатат. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес. 41Ошентип, силер өзүңөрдүн рухий атаңар кылганды жасап жүрөсүңөр.
Алар Ыйсага жооп берип:
– Биз никесиз туулган эмеспиз! Биздин бир гана Атабыз бар, Ал – Кудай.
42Анда Ыйса мындай деди:
– Атаңар чындап эле Кудай болсо, Мени жакшы көрмөксүңөр. Себеби Мен Кудайдан келдим, өз алдымча келген жокмун, Мени Кудай жиберди. 43Менин сөзүмдү эмне үчүн түшүнбөй жатасыңар? Анткени аны уга албайсыңар. 44Силердин атаңар – ибилис, ошонун күнөөлүү кумар-каалоолорун аткаргыңар келет. Ал эң башынан баштап эле канкор болгон жана эч качан акыйкат тарабында турган эмес. Анткени анда эч бир калыстык жок. Ал калпты өзүнүн күнөөлүү табиятына жараша айта берет. Себеби ал жалганчы, бардык калптын атасы. 45Мен акыйкатты айткандыгымдан Мага ишенбейсиңер. 46«Күнөө кылдың» деп кимиңер Мени ашкерелей аласың? Эгер акыйкатты айтсам, эмне үчүн Мага ишенбейсиңер? 47Ким Кудайга таандык болсо, Анын сөзүн угат. Силердин укпай жатканыңар Кудайга таандык эместигиңерден.
Ыйса Ыбрайымдан мурда бар болчу
48Ошондо иудей башчылары:
– «Самариялыксың, сага жин тийиптир» деп туура айткан экенбиз! – дешти.
– 49Мага жин тийген эмес, Мен Атамды урматттайм, бирок силер Мени кордоп жатасыңар, – деп жооп кайтарды Ыйса. – 50Мен Өзүмдүн атак-даңкымды чыгарууга тырышпайм. Муну кылып, чечим чыгара турган башка Бирөө бар. 51Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин сөзүмдү бек туткан адам эч качан өлүм бетин көрбөйт.
52Анда алар:
– Сага жин тийгенине эми чындап эле көзүбүз жетти. Ыбрайым да, пайгамбарлар да өлүшкөн, а сен болсо: «Менин сөзүмдү бек кармаган киши эч качан өлүм даамын татыбайт» дейсиң! 53Сен эмне, көзү өтүп кеткен түп атабыз Ыбрайымдан да кудуреттүүсүңбү? Пайгамбарлар да өлүшкөн, өзүңдү ким деп ойлойсуң? – дешти.
– 54Эгер Өзүмдү Өзүм даңктасам, мунум эч нерсеге арзыбай калмак, – деди Ыйса аларга жооп берип. – «Биздин Кудайыбыз» деп айтып жүргөнүңөр – Менин Атам болот. Менин даңкымды чыгаруучу – Ошол. 55Силер Аны тааныбайсыңар. А Мен тааныйм. Эгер тааныбайм десем, силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен тааныйм жана айткандарына баш ием. 56Түп атаңар Ыбрайым Менин дүйнөгө келер күнүмдү көрөрүнө кубанган эле. Ал көргөн жана кубанган.
– 57Али элүүгө да чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүм дейсиң?! – дешти анда алар.
– 58Силерге бир чындыкты айтып коёюн, – деди Ыйса жооп кайтара, – Мен Ыбрайым туула электен мурун эле бар болчумун.
59Ошондо алар ачууланышып, Ыйсаны ташбараңга алуу үчүн жерден таш алышты. Бирок Ыйса араларынан өтүп, көздөн жашырынды да, ийбадатканадан чыгып кетти.
Currently Selected:
Жакан 8: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: