Башталыш 10

10
Нухтан тараган элдер
1Нухтун уулдары Шем, Хам жана Жепет топон суудан кийин балалуу болушту. Алардын санжырасы мындай.
Жепеттен тараган элдер
2Жепеттин уулдары: Гомер, Магок, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас. 3Гомердин уулдары: Ашкеназ, Рипат жана Тогарма. 4Жабандан Элиша жана Таршыш төрөлүп, ошондой эле киттер менен додандар тараган. 5Деңиз жээгинде жашаган элдер ушулардын тукуму. Алар өз жери, өз тили, өз уруулары бар, өз-өзүнчө элдер эле.
Хамдан тараган элдер
6Хамдын уулдары: Куш, Мисир, Пут жана Канаан. 7Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары – Шеба менен Дедан.
8Куштан Нимрот деген уулу бар эле, ал дүйнөгө атагы чыккан баатыр болгон. 9Ал Жараткан Эгенин алдында мыкты аңчы да болгон, ошондуктан «Эгенин алдындагы Нимроттой мыкты аңчы» деп айтылып калган. 10Анын падышалыгы Шынар жериндеги Бабыл, Эрех, Акат жана Калне деген шаарлардан башталган. 11Ошол жерден Ашурга келип, Нинеби, Рехобот-Ир, Калах шаарларын 12жана Нинеби менен Калахтын ортосунда жайгашкан Ресен шаарын да курду. Ресен чоң шаар эле.
13Мисир болсо луттардын, анамдардын, лехавдардын, наптухтардын, 14патрустардын, каслухтардын жана капторлордун түпкү атасы болгон. Каслухтардан пелиштилер тараган.
15Канаандын тун уулу Сидон эле. Канаандан хеттер, 16жебустар, аморлор, гиргаштар, 17хибилер, арктар, синдер, 18арбаддар, семарлар жана хаматтар тарады. Кийин канаандыктардын уруулары туш-тушка тарап кетти. 19Канаандыктардын чеги Сидондон башталып, Герар аркылуу Газага жетип, анан Содом, Гомор, Адма, Себайымды курчап өтүп, Лашага чейин барчу. 20Булар өз уруулары, өз тили, өз жери, өз эли бар Хамдын урпактары эле.
Шемден тараган элдер
21Жепеттин агасы Шемдин да балдары болду. Ал Эберден тарагандардын баарынын түпкү атасы эле.
22Шемдин уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут жана Арами. 23Араминин уулдары: Уз, Хул, Гетер жана Маш. 24Арпакшаттан Шелах, Шелахтан Эбер туулду. 25Эберден эки уул туулду. Биринин атын Пелек#10:25 Пелек … – «Бөлүнүү» дегенди билдирет. деп коюшту, анткени ошол кезде жер бөлүнгөн эле. Ал эми экинчисинин аты Жоктан эле. 26Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсармабет, Жарах, 27Адырам, Узал, Дикла, 28Обол, Абымайыл, Шеба, 29Офир, Хабила жана Жабап туулду. Булардын баары Жоктандын уулдары. 30Алардын жашаган жери Мешадан тартып, Сыпар аркылуу чыгышта жайгашкан тоого чейин жеткен. 31Булар өз уруулары, өз тили, өз жери, өз эли бар Шемдин тукумдары эле.
32Нух уулдарынын тукуму уруу-уруу, эл-эл болуп, мына ушинтип бөлүнгөн. Топон суудан кийин жер бетине жайылган элдин баары алардан тараган.

Valgt i Øjeblikket:

Башталыш 10: КЫРИ

Markering

Del

Kopiér

None

Vil du have dine markeringer gemt på tværs af alle dine enheder? Tilmeld dig eller log ind