Элчилер 1
1
Ыйса убада кылган Ыйык Рух
1-2Ыйса асманга көтөрүлгөн күнгө чейинки убакытта Өзү тандап алган элчилерине Ыйык Рухтун колдоосу менен берген жол-жоболорунун, кылган иштеринин жана таалиминин баарын мен сизге, улуу урматтуу Теопил, биринчи китебимде жазган элем. 3Ал азап чегип, өлгөндөн кийин кырк күн бою бир нече жолу элчилерине көрүнүп, тирүү экендигин ишеничтүү далилдер менен көрсөттү жана Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып берди. 4Андан соң, алар менен бирге отурганда:
– Иерусалимден кетпей, Атабыз убада кылган Ыйык Рухту күткүлө. Силер Ал жөнүндө Менден уккансыңар. 5Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн болчу, силер да бир нече убакыттан кийин Ыйык Рухка чөмүлөсүңөр, – деди.
6Элчилер Ыйсадан мындай деп сурашты:
– Эгебиз, Сенин Ысрайыл падышачылыгын кайра калыбына келтире турган убагың келип жеттиби?
7Ыйса аларга:
– Атабыз Өзүнүн бийлиги менен белгилеп койгон убакыт-саатты билүүнү силерге буйруган эмес. 8Үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, Анын кудуретине толосуңар жана Иерусалимде, Иудея менен Самариянын бардык жерлеринде, ал тургай, жер чегине чейин Мен жөнүндө адамдарга айтып бересиңер, – деп жооп берди.
Ыйсанын асманга көтөрүлүшү
9Ыйса жогорудагы сөздү айтып бүткөн соң, элчилеринин көз алдында көккө көтөрүлө баштады да, булуттун кучагына кирип кетти. 10Элчилер Анын көтөрүлүп бара жатканын карап турушканда, бет алдыларында күтүлбөгөн жерден ак кийимчен эки адам пайда болуп, мындай дешти:
– 11Эй, галилеялыктар, эмнеге бул жерде асманды карап турасыңар? Бул – Ыйса, Аны Кудай силердин араңардан асманга алып кетти. Ал көз алдыңарда кандай көтөрүлүп кетсе, дал ошондой эле болуп кайра келет.
12Ушундан соң, элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Зайтун тоосу Иерусалимден бир чакырымдай аралыкта жайгашкан. 13Шаарга кирип, алар өздөрү жайгашкан бөлмөгө барышты. Ал жерде Петир, Жакан, Жакып, Идрис, Филип, Том, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Динчил Ысман, Жакыптын уулу Жүйүттөр олтурушкан эле. 14Баары тең Кудайга берилүү менен сыйынып жатышкан. Алардын арасында Ыйсанын энеси Мариям, бир туугандары жана Анын жолун жолдогон башка аялдар бар болчу.
Жүйүттүн ордун баскан киши
15Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмадай шакирт чогулуп олтурушкан жерде Петир ортого чыгып, мындай деди:
– 16Боордоштор! Ыйык Рух аркылуу айтылган Дөөттүн сөзү жана Ыйык Жазууларда жазылгандай, Жүйүт тууралуу алдын ала айтылган пайгамбарчылык аткарылууга тийиш болчу. 17Жүйүт бизге кошулуп, кызматташ болууга тандалган эле. 18Бирок арам жол менен тапкан акчасына сатып алган жеринде оңкосунан сайылып, ичегиси чубалып өлдү. 19Мунун баары бүткүл иерусалимдиктерге билинип, ал жер алардын тилинде «Акелдама», башкача айтканда, «Кандуу жер» аталды. 20Себеби Забур китебинде дагы мындай деп жазылган:
«Ылайым үйү ээн калсын,
Эч ким жашабай калсын!»#1:20 Забур 68:26.
Дагы мындай деген жери бар:
«Анын ордун башка бирөө бассын!»#1:20 Забур 108:8.
21-22Ошондуктан Жүйүттүн ордун бир киши ээлеш керек. Ал киши Эгебиз Ыйса арабызда болгон бардык күндөрү, башкача айтканда, Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөн кезинен тартып, асманга кеткенине чейин биз менен жүрүп, Анын кайра тирилгенине күбө болгон адам болууга тийиш.
23Ошентип, алар эки кишини: Барсап атка конгон Жусуп (анын башка аты Жуст) жана Матыйды алдыга чыгарышты. 24Анан Кудайга сыйынышты: «Оо Эгебиз, Сен бардык адамдардын оюн билесиң. 25Элчилик кызматка ушул экөөнүн кайсынысын тандаганыңды көрсөтсөң экен. Анткени Жүйүт кетчү жагына кетти».
26Сыйынган соң, чүчү кулак кармашышты эле, Матыйдын энчисине тийди. Ошентип, Матый он бир элчинин катарына кошулду.
Zur Zeit ausgewählt:
Элчилер 1: КЫРИ
Markierung
Teilen
Kopieren

Möchtest du deine gespeicherten Markierungen auf allen deinen Geräten sehen? Erstelle ein kostenloses Konto oder melde dich an.
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018