Башталыш 14
14
Кудай берген тынччылык
1Шынар падышасы Амрапел, Эласар падышасы Арийох, Эйламдын падышасы Кадырламар, Гойим падышасы Тидалдын убагында мындай болду: 2алар биригип Содомдун падышасы Берага, Гомор падышасы Биршага, Адма падышасы Шынапка, Сабайым падышасы Шемеберге жана Бела падышасына (Бела азыр Соор деп аталат) согуш ачышты. 3Соңку бешөө биригип, Сиддим өрөөнүнө (азыркы Өлүк деңизге) чогулушту. 4Алар он эки жыл бою Кедорламердин кол алдында болуп, он үчүнчү жылы козголоң чыгарышкан. 5Он төртүнчү жыл болгондо, Кедорламер менен анын шериктештери аскерлери менен келип, Аштарот-Карнайымда рафаларды, Гамда зуздарды, Шабей-Кириятайымдагы эмдерди 6жана тоолуу Сеирдеги хорилерди чөл четиндеги Эл-Паранга чейин кыйратышкан. 7Андан Эн-Мишпатка (азыркы Кадешке) келишип, амаликтердин бүт жерин басып алып, Хасесон-Тамарда жашаган аморлорду кыйратышкан.
8Содомдун, Гомордун, Адманын, Сабайымдын жана Беланын падышалары Сиддим өрөөнүнө чыгышты. 9Алар Элам падышасы Кадырламар, Гойим падышасы Тидал, Шынар падышасы Амрапел жана Эласар падышасы Арийох менен беттешти. Ошентип беш падыша төрт падыша менен согуша баштады. 10Сиддим өрөөнүндө чайырлуу чуңкурлар көп эле. Содом менен Гомордун падышалары качып баратканда, алардын кээ бир адамдары ошол чуңкурларга түшүп кетип, калгандары тоого качты. 11Жеңген төрт падыша Содом менен Гомордун болгон байлыгы менен азык-түлүгүн олжолоп кетти. 12Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту дагы мал-мүлкү менен кошо алып кетишти.
13Ошондо бир киши качып кутулуп, болгон окуяны амор элинен болгон Мамреге караштуу эмен дарактарынын жанында жашаган эврей Ыбрамга жеткирди. Мамре жана анын бир туугандары Эшкол менен Анер Ыбрамдын шериктештери болушкан. 14Инисинин туткунга түшкөнүн укканда, Ыбрам өзүнүн согушка жарамдуу адамдарын – 318 кишини алып, төрт падышанын артынан кууп, Данга чейин барды. 15Анан ошол жерден адамдарын бир нече топко бөлүп, түндө тигилерге кол салып, талкалады да, Дамасктын түндүгүндө жайгашкан Хобага чейин кубалады. 16Олжолонгон мал-мүлктүн баарын кайра кайтарып алды. Ошондой эле иниси Лоттун бүт дүнүйөсүн, аялдарды жана туткунга кеткендерди кайтарып алып келди.
17Ыбрам Кедорламерди жана анын шериктештерин жеңип келе жатканда, Содом падышасы тосуп алуу үчүн (кийин Падыша сай аталып калган) Шабе өрөөнүндө анын алдынан чыкты. 18Ошондой эле Салимдин#14:18 … Салимдин … – Иерусалим. падышасы Маликсадык да нан менен шарап көтөрүп, алдынан тосуп чыкты. Ал Кудай Тааланын дин кызматчысы эле. 19Маликсадык Ыбрамга: «Асман-жерди жараткан Кудай Таала сени алкасын! 20Душмандарыңды колуңа салып берген Кудай Таалага алкыш!» – деп батасын берди. Ошондо Ыбрам өзүнө түшкөн олжонун ондон бирин Маликсадыкка берди.
21Содомдун падышасы болсо Ыбрамга:
– Адамдарымды кайтарып бериңиз, олжону болсо өзүңүзгө калтырыңыз, – деди.
22-23Ыбрам Содом падышасына мындай жооп берди:
– Кийин сен «Ыбрамды мен байыткам» деп айтпашың үчүн Жараткан Эгеге, асман-жерди жараткан Кудай Таалага сенин жибиңди да, бут кийимиңдин боосун да албайм деп колумду көтөрүп#14:22-23 … колумду көтөрүп … – Колду көтөрүү ант берүүнүн белгиси. ант берем. 24Адамдарым жеп-ичкенден тышкары сенден эч нерсе албаймын. Мени менен бирге урушка барган Анер, Эшкол, Мамре өз үлүштөрүн алсын.
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018