Башталыш 20

20
Абымелектин айыбы
1Ыбрайым ал жерден көчүп, Негевге барды да, Кадеш менен Шурдун ортосунда туруп калды. Кийин Герарда бир аз жашады. 2Ыбрайым аялы Сарыйды «карындашым» дегендиктен Герардын падышасы Абымелек киши жиберип, Сарыйды алдыртты. 3Бирок Кудай түндө Абымелектин түшүнө кирип: «Сен бул аялды алганың үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар», – деди. 4Абымелек болсо Сарыйга тийген эмес, ошондуктан: «Оо, Эгедерим! Сен айыпсыз адамдарды жок кылбайсың да? 5Ыбрайым өзү мага „ал менин карындашым“ деди го. Сарый да „ал менин агам“ деген. Бул жерде менин абийирим таза, ниетим ак», – деди.
6Кудай ага түшүндө мындай деди: «Ооба, сенин мында абийириң таза болгонун билем. Ошондуктан сени Менин алдымда күнөө кылуудан сактап, ага тийгизген жокмун. 7Эми аялды күйөөсүнө кайтарып бер. Анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн дуба кылат, ошондо тирүү каласың. Эгер кайтарып бербесең, ушуну билип кой, анда өзүң да, элиң да бүт өлөсүңөр».
8Абымелек таң эрте туруп, кызматчыларын бүт чакырып, болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берди. Ошондо алардын жүрөгү оозуна тыгылды. 9Анан Абымелек Ыбрайымды чакыртып, мындай деди:
– Бул эмне кылганың? Кайсы жамандыгым үчүн мени жана менин падышачылыгымды ушундай чоң күнөөгө батырдың? Сен мага адам жасабай турган ишти жасадың! 10Эмне үчүн мындай кылдың?
11– Бул жерде эч ким Кудайдан коркпойт, булар аялымды тартып алыш үчүн мени өлтүрүшөт#20:11 Салт боюнча, жесир аял гана дагы турмушка чыга алган. Ал эми күйөөсү бар аялга үйлөнүү үчүн, күйөөсүн өлтүрүү керек болчу. деп ойлодум, – деди Ыбрайым. 12– Анын үстүнө, Сарый чынында эле менин карындашым. Биздин атабыз бир, энебиз башка болгондуктан мен ага үйлөнгөм. 13Кудай мени атамдын үйүн таштап, жер кезүүгө буюрганда, аялыма: «Мага жакшылык кыл: кайсы жерге барсак да, мени „агам“ деп айт», – дегем.
14Ошондо Абымелек кой менен уйдан, кул менен күңдөрдөн Ыбрайымга тартуу кылып берди. Аялы Сарыйды да кайтарып берди.
15– Мына, өзүң көрүп турган жердин баары меники, – деди Абымелек, – каалаган жериңде жаша.
16Анан Сарыйга мындай деди:
– Сенин ак экениңди баарына далилдеш үчүн мен агаңа миң шекел күмүш берем. Ошондо сенин таза бардыгына айкын болот.
17-18Жараткан Эге Ыбрайымдын аялы Сарый үчүн Абымелектин үйүндөгү аялдардын баарын төрөбөс кылып салган эле. Ыбрайым сыйынып, Кудай Абымелекке, аялына жана күңдөрүнө шыпаа берип, аларды төрөй турган кылды.

ハイライト

シェア

コピー

None

すべてのデバイスで、ハイライト箇所を保存したいですか? サインアップまたはサインインしてください。