Башталыш 24
24
Ыскактын үйлөнүшү
1Ыбрайым жашы өтүп, картайды. Жараткан Эге ага бардык жагынан батасын берди.
2Ыбрайым үйүндөгү бар дүйнөсүн башкаруучу башкызматчысына мындай деди:
– Колуңду этегимдин астына#24:2 … этегимдин астына … – Бул «тукумуң менен ант бер» дегенди билдирет. коюп, 3-4асман-жердин Кудайы, Жараткан Эгенин аты менен «уулуңузга ушул жердик канаандыктардын кыздарынан аял алып келбейм. Сиздин жериңизге, туугандарыңызга барып, уулуңуз Ыскакка аял таап келем» деп ант бер.
5– Кыз мени менен бул жакка келбейм десечи? – деди кызматчысы Ыбрайымга. – Анда уулуңузду сиз келген жакка жиберишим керекпи?
6Ыбрайым ага мындай деди:
– Жок, уулумду ал жакка жибербе! 7Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып чыгып, «ушул жерди сенин тукумуңа берем» деп айтып, ант берген Көктүн Кудайы, Жараткан Эге сенин алдыңан периштесин жиберип, сен ал жактан уулума аял алып келесиң. 8Эгер кыз сени менен бирге келүүнү каалабаса, анда бул анттан башың бош. Бирок уулумду ал жерге жибере көрбө!
9Башкызматчы кожоюну Ыбрайымдын этегинин астына колун коюп, айтылганды аткарууга ант берди. 10Анан ал кожоюнунун төөлөрүнөн онду жана кымбат баалуу түркүн буюмдарынан алып, Арами-Нахарайымга, Нахор жашаган шаарга жол тартты. 11Башкызматчы шаардын сыртындагы кудуктун жанына келип, төөлөрүн чөктүрдү. Бул аялдар суу алганы келе турган кечки маал эле. 12Ошондо ал мындай деп дуба кылды: «Оо, Жараткан Эге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайы, бүгүн менин жолумду ачып, кожоюнума берген сөзүңө тура көр. 13Мына, шаар кыздары суу алганы келе турган булак башында турам. 14Алар келгенде бирөөсүнө: „Кумараңды эңкейтчи, суу ичип алайын“, – дегенимде, ал: „Ичиңиз, төөлөрүңүздү да сугарып берейин“, – десе, анда кулуң Ыскакка тандаганың ошол экен деп билейин. Менин кожоюнума чоң ырайым кылганыңды ушундан түшүнөйүн».
15Башкызматчы дубасын аяктай электе эле ийинине кумарасын көтөргөн Рабига келип калды. Ал Ыбрайымдын иниси Нахор менен анын аялы Милканын небереси, Бетуелдин кызы эле. 16Рабига абдан сулуу, эркек көрө элек кыз болчу. Ал кудукка түшүп барып, кумарасын толтурду да жогору чыкты. 17Ыбрайымдын кызматчысы кыздын алдынан жүгүрүп чыгып:
– Кумараңдан бир аз суу ичирчи, – деди.
18Кыз:
– Ичиңиз, мырза, – деп дароо кумарасын ийининен түшүрө калып, ага ичүүгө суу берди. 19Кыз ага ичкизип болуп:
– Төөлөрүңүзгө да сузуп берейин, алар да суусуну кангыча ичсин, – деди.
20Анан кумарасындагы сууну ноого куйду да, суу алганы дагы кудукка жүгүрүп кетти. Ошентип, кызматчынын бүт төөлөрүн сугарды. 21Кызматчы болсо Жараткан Эге жолун ачкан-ачпаганын билгиси келип, үн чыгарбай, кызды карап турду.
22Төөлөрү суу ичип болгон соң, тиги киши кызга жарым шекел чыга турган мурунга такчу алтын сөйкө, он шекел чыга турган эки алтын билерик берди. 23Анан:
– Кимдин кызы болосуң? Түнөгөнгө атаңдын үйүнөн бизге жай табылар бекен? – деди.
24– Мен Нахор менен Милканын уулу – Бетуелдин кызымын, – деди ал. 25– Биздин үйдө саман менен жем көп, түнөй турган жай да бар.
26Ошондо бул киши таазим этип, Жараткан Эгеге ийбадат кылды.
27– Жараткан Эгеге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайына алкыш, – деди Ыбрайымдын кызматчысы, – Ал кожоюнумдан Өз мээримин аябай, ишенимдүү болду. Мени түз эле кожоюнумдун туугандарынын үйүнө жетелеп келди.
28Кыз үйүнө чуркап барып, энесинин үйүндөгүлөргө баарын айтып берди.
29-30Рабиганын Лабан аттуу агасы бар эле. Ал карындашынын мурдундагы сөйкө менен билегиндеги билериктерди көрүп, Рабигадан тигил кишинин ага айткандарын уккандан кийин, төөлөрү менен кудуктун жанында турган башкызматчыга жүгүрүп барып, 31мындай деди:
– Жараткан Эге жалгаган пенде, үйгө жүрүңүз. Эмнеге сыртта турасыз? Өзүңүзгө төр дайын, төөлөрүңүзгө жай дайын, – деди.
32Бул киши ошентип үйгө кирди. Лабан төөлөрдүн жүгүн чечтирип, алдына саман менен жем салдырды. Башкызматчы менен жанындагы адамдарга буттарын жууганга суу алдырып келди. 33Алдына тамак коюлганда, кызматчы:
– Эмне иш менен келгенимди айтмайын, даам татпайм, – деди.
– Айтыңыз, – дешти алар.
34– Мен Ыбрайымдын кызматчысымын, – деди бул киши, 35– Жараткан Эге кожоюнума мол берекесин төгүп, аны абройлуу адам кылды. Ага майда жана кара мал, алтын-күмүш, кул-күң, эшек-төө ыроолоду. 36Кожоюнумдун аялы Сарый улгайган кезинде ага уул төрөп берди. Кожоюнум бардык мал-мүлкүн ошол уулуна энчиледи. 37Кожоюнум мага ант бердирип: «Уулума бул жердеги канаандыктардын кызынан аял алып келбе! 38Менин ата-журтума, туугандарыма барып, ошол жактан алып келесиң», – деди. 39Кожоюнумдан: «Эгер кыз мени менен келбей койсочу?», – деп сурадым. 40Ал мага: «Мен Жараткан Эгенин жолу менен жашап жүрөм. Ал Өз периштесин сени менен жиберип, жолуңду ачат. Сен уулума ата журтумдан, туугандарымдын арасынан колукту алып келесиң. 41Эгерде туугандарым сен барганда кызын бербей коюшса, бул анттан башың бош», – деди. 42Бүгүн мен кудукка келгенимде мындай дедим: «Оо, Жараткан Эге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайы, жолумду ачагөр! 43Мына, мен кудук башында турам. Суу алганы келген кызга мен „кумараңдан бир аз суу ичирчи“ – десем, 44ал мага „ичиңиз, төөлөрүңүзгө да сузуп берем“ десе, Жараткан Эге кожоюнумдун уулуна буюрган кыз ушул деп билейин». 45Мен дуба кылып турганымда, ийинине кумара көтөрүп, Рабига келди да, кудукту көздөй түшүп, суу алды. Мен ага: «Ичкенге суу берчи», – дедим. 46Ал дароо ийининен кумарасын түшүрүп: «Ичиңиз, мен төөлөрүңүздү да сугарам», – деди. Мен суусунан ичтим, ал болсо төөлөрүмдү да сугарды. 47Мен андан: «Кимдин кызысың?» – деп сурадым. «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деди ал. Ошондо мурдуна сөйкө, билектерине билерик салдым. 48Тиземди бүгүп, Жараткан Эгеге дуба кылдым. Жараткан Эгеге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайына алкышымды айттым. Анткени Ал мени түз эле кожоюнумдун туугандарына алып келип, анын уулуна колукту боло турган кызга жолуктурду. 49Эми силер кожоюнума тууганчылык кылалы, жакшылык кылалы десеңиздер, мага айтыңыздар. Эгер жок десеңиздер, аны да айтыңыздар, мен эмне кыларымды чечейин.
50Ошондо Лабан менен Бетуел:
– Бул иш Жараткан Эгеден, биз сага эмне демек элек?! 51Рабига мына, алып кетсең болот. Жараткан Эге Өзү айткандай, ал кожоюнуңдун уулунун аялы болсун, – дешти.
52Муну укканда Ыбрайымдын кызматчысы жүздөмөндөп жыгылып, Жараткан Эгеге таазим этти. 53Анан ал алтын-күмүш буюмдар менен кийимдерди алып чыгып, Рабигага берди. Рабиганын агасы менен энесине да кымбат баалуу буюмдарды тартуу кылды.
54Ушундан соң Ыбрайымдын кызматчысы жанындагы адамдары менен ичип-жеп, ошол жерде түнөп калды. Эртең менен турганда:
– Кожоюнума кайтканга уруксат этиңиздер, – деди.
55Ошондо кыздын агасы менен энеси:
– Кызыбыз дагы он күнчө биз менен тура турсун, анан барсын, – дешти.
56Бирок Ыбрайымдын кызматчысы:
– Бизди кармабасаңыздар. Жараткан Эге жолумду ачты, эми кожоюнума кайтып барайын, – деди.
57– Кызды чакырып, сурап көрөлүчү, эмне дээр экен, – дешти алар. 58Анан Рабиганы чакырып:
– Мына бул киши менен кетесиңби? – деп сураганда ал:
– Ооба, – деп жооп берди.
59Ошондо алар Рабиганы, анын эмчек энесин Ыбрайымдын кызматчысы менен анын адамдарына кошуп, узатышты. 60Анан Рабигага мындай деп баталарын беришти:
– Карындашыбыз, миң-миңдеген урпактардын энеси бол! Балдарың душмандардын шаарларын каратып алсын!
61Ушундан соң, Рабига жана анын кызматчы аялдары жолго камынып болуп, төөлөргө миништи да, башкызматчынын артынан түшүштү. Ошентип ал Рабиганы алып, жолго чыкты.
62Ыскак болсо Лахай-Рои булагынан келип, Негев жеринде жашап жаткан. 63Кечкурун ойлонуу үчүн талаага чыккан ал төөлөрдүн келатканын көрдү. 64Рабига да Ыскакты көрүп, төөдөн түшө калды да, 65кызматчыдан:
– Бизди карай талаа менен келаткан киши ким? – деп сурады.
– Менин кожоюнум, – деп жооп берди кызматчы.
Ошондо Рабига жамынчысын ала коюп, жүзүн жапты.
66Кызматчы болсо Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди. 67Анан Ыскак Рабиганы энеси Сарыйдын чатырына алып кирди. Ошентип Рабига анын аялы болуп калды. Ал Рабиганы берилип сүйүп, энеси кайтыш болгондон кийинки кайгысынан жеңилдеди.
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018