Башталыш 26

26
Ыскактын Герардан көчүшү
1Ошол жерде Ыбрайымдын тушундагыдай эле катуу ачарчылык болду. Ыскак Герардагы пелишти падышасы Абымелекке жөнөдү. 2Жараткан Эге Ыскакка көрүнүп, мындай деди:
– Мисирге барба, Мен айта турган жерден байыр ал. 3Ошол жерде келгин болуп жаша. Мен сени менен бирге болуп, сага батамды берем. Мына ушул жердин баарын сага жана сенин тукумуңа берем. Атаң Ыбрайымга берген антымды аткарам. 4Тукумуңду асмандагы жылдыздай көбөйтүп, ушул жердин баарын аларга берем. Сенин тукумуң аркылуу жер бетиндеги бардык элдерге менин батам тиет. 5Ыбрайым тилимди угуп, буйругумду, осуяттарымды, көрсөтмөлөрүмдү жана мыйзамдарымды сактагандыгы үчүн Мен сага батамды берем.
6Ошентип, Ыскак Герар шаарында калып калды. 7Жергиликтүү эл андан аялы тууралуу сураганда, «бул менин карындашым» деп айтты. Себеби «Рабига сулуу, ошол үчүн бул жерликтер мени ал үчүн өлтүрүп койбосун» деп ойлоп, аны аялым деп айтуудан коркту.#26:7 Башт. 20:11. 8Ыскактын ал жерде жашаганына бир топ убакыт болуп калганда, пелишти падышасы Абымелек терезесинен анын Рабиганы эркелетип жатканын көрүп калды. 9Анан Ыскакты чакырып алып:
– Ал сенин аялың тура! Анда эмне үчүн карындашым дедиң? – деди.
– Аялым десем өлтүрүп коюшабы деп корктум, – деп жооп берди Ыскак.
10Ошондо Абымелек:
– Бул эмне кылганың? Эл ичинен бирөө аялыңа жакындап койсо эмне болмок? Бизди күнөөгө батырмаксың! – деди.
11Абымелек ушундай деди да: «Кимде-ким бул киши менен анын аялына тийсе, өлүм жазасына тартылат!» деп бүт элге жарыя кылды.
12Ыскак ошол жерге үрөн сээп, ошол жылы 100 эсе көп түшүм жыйнап алды. Анткени ага Жараткан Эгенин батасы тийген эле. 13Ал байып кетти, байлыгы абдан көбөйүп, мартабалуу адам болду. 14Анын кой-эчкиси, кара малы жана кулдары көп эле. Ошондуктан пелиштилердин ичи тарый баштады. 15Атасы Ыбрайым көзү тирүүсүндө кулдарына каздырган кудуктардын баарын пелиштилер топурак менен толтуруп салышты. 16Анан Абымелек Ыскакка: «Биз жактан көчүп кет, сен бизден алдаганча күчтөнүп алдың», – деди.
17Ыскак ал жерден кетти да, Герар өрөөнүнө барып, чатырларын тигип, ошол жерди конуш кылды. 18Анан Ыбрайымдын убагында казылып, анын көзү өткөн соң пелиштилер көөмп салган кудуктарды кайра каздырып, аларга атасы койгон аттарды койду.
19Күндөрдүн биринде Ыскактын кулдары өрөөндөн кудук казып жатып, булак табышты. 20Ошондо Герардын койчулары Ыскактын койчуларына келип: «Суу биздики», – деп талашты. Алар кудук талашканы үчүн, Ыскак аны Эсек#26:20 Эсек … – «Талаш» деген маанини берет. деп атап койду.
21Алар дагы бир кудук казышканда, кайрадан талаш чыгып, Ыскак аны Ситна#26:21 Ситна … – Мааниси «касташуу». деп атады. 22Ыскак ал жактан көчүп кетип, дагы башка кудук каздырды. Бул кудук үчүн талаш чыкпагандыктан, Ыскак «Жараткан Эге бизге кенен жер берди, эми ушул жерде өсүп-өнүгөбүз» – деп, ага Рехобот#26:22 Рехобот … – Мааниси «кеңдик». деген ат койду.
23Анан Ыскак ал жактан Бээр-Шевага көчүп келди. 24Ошол түнү Жараткан Эге ага көрүнүп, мындай деди:
– Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпо, Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайымдын урматы үчүн, сага батамды берип, тукумуңду көбөйтөм.
25Ыскак ошол жерге курмандык жай куруп, Жараткан Эгеге ийбадат кылды. Анан ошол жерге чатырын тигип, кулдары дагы кудук казышты.
Ыскак менен Абымелектин ортосундагы келишим
26Абымелек кеңешчиси Ахузат жана аскер башчысы Пихол менен Герардан Ыскакка келди. 27Ыскак аларга:
– Эмнеге мага келдиңер? Мени жек көрүп, кууп жибербедиңер беле! – деди.
28– Биз Жараткан Эгенин сени колдоорун анык көрдүк, андыктан биз сени менен ант беришип, келишим түзмөкчү болдук, – дешти алар. 29– Биз сага тийбей, кайра жакшылык гана кылып, эсен-соо коё бергендей эле, сен да бизге эч жамандык жасаба. Сен эми Жараткан Эге жалгаган кишисиң.
30Ыскак той кылып, алар жеп-ичишти. 31Эртеси таң эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Анан Ыскак аларды узатып, жылуу-жумшак жөнөтүп жиберди.
32Ошол күнү Ыскактын кулдары келип, кудук казып, суу тапкандыгы тууралуу айтышты. Алар «биз суу таптык» дешип, ага өздөрү казган кудук тууралуу айтышты. 33Ыскак кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ал шаардын аты ушу күнгө чейин Бээр-Шева деп аталат.
Эсаптын чет өлкөлүк аялдары
34Эсап кырк жашка чыкканда, хет Бээринин кызы Жахудитти жана хет Элондун кызы Басматты аялдыкка алды. 35Ошол келиндери Ыскак менен Рабигага көп убайым тарттырды.

ハイライト

シェア

コピー

None

すべてのデバイスで、ハイライト箇所を保存したいですか? サインアップまたはサインインしてください。