Башталыш 4

4
Кабылдын күнөөсү
1Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп, Кабылды#4:1 Кабылды … – Эврейче «Каин». Аны «кана» деген этиш менен байланыштырышат. Мааниси «кабыл алуу, сатып алуу». төрөдү да, «Жараткан Эгенин жардамы менен бала таптым», – деди. 2Анан ал Кабылдын иниси Абылды төрөдү.
Абыл койчу, ал эми Кабыл жер иштеткен дыйкан болду. 3Убакыт өтүп, Кабыл Жараткан Эгеге жердин жемишинен, 4Абыл болсо төл башыларынын майлуу жерлерин тартуу кылды. Жараткан Эге Абылга жана анын тартуусуна ыраазы болду, 5ал эми Кабылга жана анын тартуусуна ыраазы болгон жок. Буга Кабыл катуу ачууланып, кабагы карыш түйүлдү. 6Ошондо Жараткан Эге Кабылга:
– Эмне ачууландың? Эмнеге кабагыңды карыш түйөсүң? 7Эгер жакшы иш жасасаң, башыңды көтөрүп жүрбөйт белең? Эгер жакшы иш жасабасаң, байкагын, күнөө босогоңдо турат. Ал сени өзүнө тартат, бирок аны тизгинде, – деди.
8Кабыл иниси Абыл менен сүйлөшүп, аны талаага алып барды. Анан Абылга кол салып, аны өлтүрүп койду. 9Жараткан Эге Кабылдан:
– Иниң Абыл кайда? – деп сурады.
Ал:
– Билбейм, мен, эмне, иниме кароолчу белем? – деп жооп берди.
10Ошондо Жараткан Эге:
– Бул эмне кылганың? Иниңдин төгүлгөн каны Мага жерден зар какшап, боздоп жатат! 11Сен өзүң колдуу болгон иниңдин канын жуткан жердин каргышына калдың. 12Бул жерди канча иштетсең да, ал сага берекесин бербейт. Сен жер үстүндө тентимиш да кыдырмыш болосуң, – деди.
13Кабыл жооп берип:
– Менин жазам көтөрө алгыс оор. 14Бүгүн мени бул жерден кууп олтурасың, эми Сенин көзүңөн алыстап, жер үстүндө тентимиш да кыдырмыш болом. Мени туш келген адам өлтүрөт го, – деди.
15Бирок Жараткан Эге:
– Жок, сени эч ким өлтүрбөйт! Ким сени өлтүрсө, андан жети эсе өч алынат, – деди да, кезиккендер өлтүрүп койбосун үчүн ага белги салып койду.
16Ошондо Кабыл Жараткан Эгенин көз алдынан кетип, Эдендин чыгышындагы Нод#4:16 …. Нод … — Мааниси «тентүү». деген жерге отурукташты.
Алгачкы элдин тарыхы
17Кабыл аялына жакындады, аялы кош бойлуу болуп, Энохту төрөдү. Ошол убакта Кабыл шаар куруп жаткан. Ал шаарга уулу Энохтун атын койду. 18Ал эми Энохтон Ират, Ираттан Махувол, Махуволдон Матушал, Матушалдан Лемек туулду. 19Лемек эки аял алды, биринин ысмы Ада, бириники Зила эле. 20Ададан Жабал туулду. Ал чатырларда жашап, мал баккандардын түпкү атасы болду. 21Анын инисинин аты Жубал эле. Ал кыл аспап менен үйлөмө аспапта ойногондордун түпкү атасы болду. 22Зиланын да Тубалкабыл аттуу бир уулу болгон. Ал коло менен темирден ар түркүн курал-жабдыктарды жасады. Тубалкабылдын карындашынын аты Наама эле. 23Лемек аялдарына мындай деди:
«Ада менен Зила,
Мага кулак салгыла!
Аялдары Лемектин,
Сөзүмдү менин уккула!
Жарадар кылган кишимди,
Мени урган жаш уланды
Аябастан өлтүрдүм.
24Кабыл үчүн өч алынса жети эсе,
Лемек үчүн жете эсеге
Жетимиши да кошулат».
Шет менен Эноштун туулушу
25Адам Обого дагы жакындады. Аялы уул төрөп, анын атын Шет деп койду. Себеби ал: «Кабыл Абылды өлтүргөн соң, Кудай мага анын ордуна башка бир уул берди», – деди. 26Шет да уулдуу болуп, ысмын Энош деп койду. Ошондон баштап адамдар Жараткан Эгенин атын чакырып сыйына башташты.

ハイライト

シェア

コピー

None

すべてのデバイスで、ハイライト箇所を保存したいですか? サインアップまたはサインインしてください。