Лука 20

20
Ыйсанын укугу тууралуу суроо
1Ыйса ийбадаткананын короосунда таалим берип, Жакшы Кабарды жарыялап жүргөн ошол күндөрдүн биринде жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери эл башчылары менен бирге келишип, 2Ага суроо беришти:
– Бизге айтчы, сен буларды кайсы бийлигиң менен жасап жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? – дешти.
3Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер: 4Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле? Кудайданбы же адамдарданбы?
5Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти:
– Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт. 6Адамдардан десек, элдин баары бизди ташбараңга алат, анткени алар Жакыяны пайгамбар деп эсептешет.
7Анан Ыйсага:
– Кимден экенин билбейбиз, – деп жооп беришти.
8Ыйса да аларга:
– Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен жасап жатканымды айтпайм, – деди.
Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат
9Анан Ыйса элге кайрылып, мындай ибаратты айтты:
– Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, аны багбандарга ижарага берип, өзү узак убакка бир жакка кетет. 10Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен берсин деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт. Бирок ижарачылар аны сабап, куру кол кайтарып жиберишет. 11Ошондо жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жиберет. Алар аны да сабап, кордоп, куру кол жиберишет. 12Үчүнчүсүн жибергенде, аны да жарадар кылып, тышка ыргытып салышат. 13Ошондо жүзүмзардын ээси: «Эми эмне кылсам? Жанымдай көргөн уулумду жиберейин. Балким, андан ийменишээр», – дейт. 14Ижарачылар болсо уулун көргөндө, өз ара акылдашып: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», – дешет да, 15аны жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат. Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат? 16Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет.
Муну угуп турган эл:
– Анын бетин ары кылсын! – деп жиберишти.
17Ыйса аларга карап:
– Ыйык Жазуулардагы: «Куруучулар жерип, четке чыгарып койгон таш пайдубал ташы болуп калды»#20:17 Забур 117:22. деген сөз эмнени билдирет? 18Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат, – деди.
Салык төлөө маселеси
19Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери бул ибараттын ал тууралуу айтылганын түшүнүштү да, ошол эле замат кармамак болуп, бирок элден коркушту. 20Сөзүнөн кыйкым таап, римдик губернатордун колуна тапшырып, соттотуу үчүн алар Ыйсаны аңдытып, такыбаа болумуш болуп, анткорлонушкан тыңчыларын жиберишти. 21Тыңчылар Ыйсага мындай суроо узатышты:
– Устат, сиздин ак сүйлөп, туура таалим берериңизди билебиз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз. 22Айтыңызчы: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу?
23Алардын арам оюн байкаган Ыйса:
24Мага бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү. Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? – деди.
– Падышаныкы, – дешти алар.
25Ыйса:
– Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! – деди.
26Ошентип алар Аны эл алдында сөзүнөн кармай албай, Анын жообуна таң калышып, унчуга албай калышты.
Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо
27Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти:
28Устат! Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын»,#20:28 Мыйз. 25:5. – деп жазып кеткен. 29Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 30Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. 31Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. 32Эң аягында аял да көз жумду. 33Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.
34Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Бул дүйнөдөгүлөр аял алышып, күйөөгө тийишет. 35Ал эми бейишке татыгандар кайра тирилгенде, о дүйнөдөн аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт. 36Алар периштелер сыяктуу эч качан өлбөйт, анткени кайра тирилтүүчү Кудайдын балдары болуп калышат. 37Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилерин Муса өзү да күйүп турган бадал жөнүндөгү аңгемеде билдирген. Ал Эгебизди Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайы#20:37 Чыгуу 3:6,15,16. деген. 38Демек, Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени Анын алдында баары тең тирүү да!
39Ошондо дин мугалимдери:
– Устат, сиз абдан жакшы жооп бердиңиз! – дешти.
40Мындан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.
Машаяк тууралуу суроо
41Ыйса аларга мындай деди:
– Эл эмне үчүн Машаякты Дөөттүн тукуму дешет? 42Дөөт Забур китебинде:
«Жараткан Эге Эгеме деди мындай:
43Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,
Олтура тур, сыйлуу жер – оң жагымда»#20:43 Забур 109:1. – деген.
44Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот?
Эки жүздүү динчилдерден сактангыла
45Элдин баары Ыйсаны угуп турганда, Ал шакирттерине кайрылып мындай деди:
46Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула! 47Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.

Цяпер абрана:

Лука 20: КЫРИ

Пазнака

Падзяліцца

Капіяваць

None

Хочаце, каб вашыя адзнакі былі захаваны на ўсіх вашых прыладах? Зарэгіструйцеся або ўвайдзіце