Лука 21

21
Жесир аялдын зекети
1Айлананы карап, Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнө акчаларын салып жаткан байларды көрдү. 2Ошондой эле колунда жок бир жесир аялдын да эки тыйын салып жатканын көрдү. 3Ошондо Ыйса айтты:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды! 4Анткени баары өздөрүнөн артканын зекетке беришсе, бул аял өзү бечара болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, – деди.
Акыр заман качан болот?
5Кимдир бирөөлөр ийбадаткана асыл таштар менен жасалгаланып, Кудайга арналган тартуулар менен кооздолгонун сөз кылып жатышты. Муну уккан Ыйса аларга кайрылып:
6Силер ушул имаратты көрүп турасыңарбы? Таш үстүнө таш калбай, баары талкалана турган күндөр келет, – деди.
7Алар Ыйсадан:
– Устат, бул качан болот? Ушулар ишке ашар алдында кандай жышаан болот? – деп сурашты.
8Ыйса:
– Сак болгула, алданып калбагыла! Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» жана «Акыр заман жакындады!» дешет. Алардын артынан ээрчибегиле! 9Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги тартипсиздиктер тууралуу угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Анткени алгач ушулар болушу керек. Бирок булар акыр заман жакын экенин билдирбейт, – деди.
10Ыйса дагы мындай деди:
– Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. 11Жер-жерлерде катуу жер титиреп, ачарчылыктар, жугуштуу оорулар болот, көктө коркунучтуу кубулуштар жана улуу жышаандар көрүнөт. 12Ал эми ушунун баары ишке ашардан мурда Мага ишенгениңер үчүн силерге зордук көрсөтүп, кодулашат, синагога сотторуна кармап берип, абакка камап, ал тургай падышалар менен өкүмдарлардын алдына алып барышат. 13Силер болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мен тууралуу айтып бересиңер. 14Ошондуктан өзүбүздү кантип актайбыз деп алдыртан түйшүк тартпоону көкүрөгүңөргө түйүп алгыла! 15Себеби Мен силерге кастарыңар каршы чыга да, сүйлөй да албай тургандай чечендик менен даанышмандыкты берем. 16Силерди, атүгүл ата-энелериңер, бир туугандарыңар, жакындарыңар менен досторуңар да кармап берип, кээ бириңерди өлтүрүшөт. 17Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар.
18Бирок башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт. 19Туруктуулук менен өзүңөрдү сактап калгыла.
Иерусалимдин кыйрашы тууралуу алдын ала айтуу
20Иерусалим шаарын душмандын аскерлери курчап алганын көргөнүңөрдө, анын каңгырап ээн кала турган кези жакын калган экен деп билгиле. 21Ошондо Иудеядагылар тоолорго качсын, Иерусалимдегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми шаардын сыртындагылар ичине киришпесин! 22Себеби ошол убак – Кудайдын элге тиешелүү шыбагасын бере турган убагы. Ушундайча Ыйык Жазуудагы бул тууралуу жазылгандардын баары жүзөгө ашыш керек. 23Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. Анткени жер бетин ырайымсыз зордук-зомбулук чулгап, бул элдин башына каардуу жаза жаайт. 24Алар кылычтан кырылып, колго түшүп, башка элдиктерге туткунга кетишет. Башка элдиктер башкарган доор бүткүчө, Иерусалим алардын таманына тепселет.
Ыйсанын кайра келиши
25Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болуп, жерде деңиздер албууттанат, элдердин үрөйү учуп, эмне кыларын билишпейт. 26Жер бетине келе жаткан коркунучтарды күтүп, адамдар эстерин жоготот. Анткени аалам күчтөрү багытынан таят. 27Ошондо алар улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт.#21:27 Дан. 7:13. 28Силер бул окуялар боло баштаган кезде, өйдө туруп, жогору жакты карагыла, себеби ошол убакта куткарыла турган кезиңер жакындап калат.
29Андан кийин Ыйса муну ибарат аркылуу түшүндүрдү:
– Анжир дарагын жана башка дарактарды карагылачы. 30Жалбырактары чыга баштаганын көрсөңөр, жай жакындап калганын билесиңер. 31Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, Кудай Падышачылыгы жакын калганын билгиле. 32Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт. 33Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.
34Бирок өзүңөргө сак болгула! Той-тополоңго берилип, мас болуп, же күндөлүк тиричиликтин түйшүгүнө кирип кетпегиле! Анткени Мен кайтып келе турган күн капысынан келет. 35Ошол күн жер бетинде тургандардын баарынын башына түшкөн тор сыяктуу күтүлбөгөн жерден карп-курп кирип келет. 36Ошондуктан апаттардан кутулуп, Адам Уулунун алдында туралгыдай болуу үчүн ар качан сергек болуп, сыйынгыла!
37Ыйса ар күнү кечке чейин ийбадаткананын короосунда таалим берип, кечинде шаардан чыгып, Зайтун тоосуна барып, ошол жакта түнөп жүрдү. 38Таң атпай элдин баары Аны угуу үчүн ийбадатканага келишер эле.

Цяпер абрана:

Лука 21: КЫРИ

Пазнака

Падзяліцца

Капіяваць

None

Хочаце, каб вашыя адзнакі былі захаваны на ўсіх вашых прыладах? Зарэгіструйцеся або ўвайдзіце