YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 28

28
1Ыскак Жакыпты чакырып алып, ага батасын берип, мындай деди:
– Канаандыктардан аял алба. 2Паддан-Арамдагы таятаң Бетуелдикине барып, ошол жердик таякең Лабандын кыздарынын бирине үйлөн. 3Кудуреттүү Кудай сени жалгап, тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтүп, сенден көп эл чыксын. 4Ал Ыбрайымга берген батасын сага жана сенин тукумуңа берсин. Кудай Ыбрайымга берген, сен азыр жашап турган ушул жер энчиңе тийсин.
5Ошентип Ыскак Жакып менен коштошту. Жакып Паддан-Арамга, өзүнүн жана Эсаптын энеси Рабиганын агасына, арамилик Бетуелдин уулу Лабандыкына кетти.
Эсаптын Ысмайылдын кыздарынан аял алышы
6Эсап атасынын Жакыпка батасын берип, аял алуу үчүн Паддан-Арамга жөнөткөнүн жана «канаандыктардан аял алба» дегенин, 7Жакып ата-энесинин тилин алып, Паддан-Арамга кеткенин билди. 8Атасынын канаандык кыздарды жактырбаганын Эсап түшүндү. 9Ошондуктан ал Ыбрайымдын уулу Ысмайылга барып, аялдарынын үстүнө Ысмайылдын кызы, Наваёттун карындашы Махалатты аял кылып алды.
Жакыптын Бейтелде көргөн түшү
10Жакып Бээр-Шевадан чыгып, Харанга бет алды. 11Күн батканда бир жерге келип, түнөгөнү токтоду. Ошол жерден бир таш алып, аны жазданып, уктаганы жатты. 12Түшүнө жерден асманга чейин жетип турган бир шаты кирди. Ошол шаты менен периштелер түшүп-чыгып жатышкан экен. 13Шатынын башында Жараткан Эгенин Өзү туруптур. Ал мындай деди: «Мен Жараткан Эге, бабаң Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын, сен жаткан жерди сага жана сенин тукумуңа берем. 14Алар жер бетиндеги кумдай көп болуп, батыш менен чыгышка, түндүк менен түштүккө жайылат да, сен жана сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер Менин батамды алышат. 15Мен сени менен биргемин. Кайда барсаң да, коргоп, кайра ушул жерге алып келем. Сага берген убадамдын баарын аткарамын, сени таштап кетпеймин».
16Жакып ойгонду да: «Чын эле Жараткан Эге ушул жерде экен. Мен муну билбептирмин!» – деди. 17Анан коркуп кетип, мындай деди: «Бул жүрөк үшүн алган жер экен! Бул Кудайдын турагы, бул асман дарбазасы турбайбы!» – деди.
18Жакып таң эртелеп турду да, башына жаздаган ташты алып, эстелик кылып орнотуп, үстүнө Кудайга атап зайтун майын куйду. 19Анан ал жерди Бейтел#28:19 Бейтел … – Мааниси «Кудайдын үйү». деп атады. Мурда ал шаардын аты Луз болчу. 20Анан Жакып мындай деп ант берди: «Эгер Кудай мени колдосо, бара турган ушу жолумда мени коргосо, жээрге нан, киерге кийим берсе, 21атамдын үйүнө аман-эсен алып келсе, анда Жараткан Эге Кудайым болот. 22Мен эстелик кылып орноткон мына бул таш Кудайдын үйү болот. Мага бере турганыңдын баарынан Сага ондон бирин бөлүп берем».

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in