Башталыш 29
29
Жакыптын чыгыштагы туугандарына келиши
1Жакып жолун улантып, чыгышта жашагандардын жерине келди. 2Анан ошол жердеги талаадан кудукту, анын айланасында жуушап жаткан үч короо койду көрдү. Анткени койлорду ушул кудуктан сугарышчу. Анын оозунда чоң таш бар эле. 3Койлордун баары ушул кудукка чогулганда, койчулар оозундагы ташты жылдырып, койлорун сугарышчу. Анан ташты кайра мурдагы ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу.
4– Туугандар, – деди Жакып аларга, – кайсы жерденсиңер?
– Харанданбыз, – деди тигилер.
5– Нахордун небереси Лабанды тааныйсыңарбы?
– Тааныйбыз.
6– Ал сак-саламат жүрөбү?
– Ооба, сак-саламат жүрөт, тигине, кызы Рахел кою менен келатат.
7– Күн эрте го, койлорду чогултчу убак боло элек, сугарып алып, жайытка айдап барбайсыңарбы.
8– Койлордун баары келмейин, анте албайбыз. Баары келгенде, анан кудуктун оозундагы ташты жылдырып, сугарабыз.
9Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, кой кайтарган Рахел атасынын койлору менен келип калды. 10Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана тууганынын малын көргөндө, кудук оозунан ташты жылдырды да таякесинин койлорун сугарды. 11Анан Рахелди өөп, бакырып ыйлап, 12өзүн «атаңдын жээнимин, Рабиганын уулумун» деп тааныштырды. Рахел жүгүрүп барып, атасына кабар берди. 13Лабан жээни Жакып тууралуу угары менен, алдынан чуркап тосуп чыгып, кучактап өөп, үйүнө алып келди. Анан Жакып ага баарын айтып берди. 14Ошондо Лабан:
– Ооба, чын эле менин бир боорумсуң, – деди.
Жакып Лабандын үйүндө бир ай тургандан кийин, 15Лабан ага мындай деди:
– Тууганым болгонуң үчүн эле сен мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, кызмат акыңа эмне берейин?
16Лабандын эки кызы болуп, улуусунун аты Лея, кичүүсүнүн аты Рахел эле. 17Лея көздөрү сүйкүмдүү, Рахел болсо келбети келишип, чырайлуу эле. 18Жакып Рахелге ашык болуп, ошол үчүн:
– Кенже кызыңыз Рахел үчүн сизге жети жыл иштеп берейин, – деди.
19Лабан:
– Башкага бергенден көрө, сага бергеним артык. Меникинде жашай бер, – деди.
20Рахел үчүн Жакып жети жыл иштеди. Рахелди жакшы көргөндүктөн, бул жети жыл ал үчүн жети күндөй өтүп кетти.
21Анан Жакып Лабанга: «Убадалашкан убакыт келди, колуктумду бериңиз», – деди.
22Лабан ошол жердеги бүт элди чакырып, той берди. 23Бирок кечинде кызы Леяны алып келип, Жакыптын үстүнө киргизди, Жакып аны менен жатты. 24Лабан күңү Зилпаны Леяга күң кылып берди. 25Жакып таң атканда туруп караса, жанында Лея жатыптыр!
– Бул эмне кылганыңыз? – деди Жакып Лабанга. – Мен сизге Рахел үчүн кызмат кылбадымбы? Эмнеге мени алдадыңыз?
26Лабан:
– Сиңдисин эжесинен мурда күйөөгө берген биздин салтта жок. 27Жети күн той бүткүчө күтө тур, анан дагы жети жылдык кызматың үчүн Рахелди да беребиз, – деди.
28Жакып буга көнүп, ошол жума бүткүчө Лея менен болду. Анан Лабан ага кызы Рахелди да аял кылып берди. 29Лабан күңү Билханы Рахелге күңдүккө берди. 30Жакып Рахел менен да жатты. Ал Леяга караганда Рахелди көбүрөөк жакшы көрчү. Ал үчүн Лабанга дагы жети жыл кызмат кылды.
Жакыптын бала-бакырасы
31Жараткан Эге Жакыптын Леяга көңүлү жок экенин көрүп, анын этегин жалгады, Рахел болсо төрөгөн жок. 32Леянын боюна бүтүп, уул төрөдү. «Жараткан Эге бейтаалай экенимди көрдү, эми күйөөм мени жакшы көрүп калат», – деп, уулуна Рубен#29:32 … Рубен … – Бул ысымдын мааниси «карасаң, уул экен». деп ат койду. 33Ушундан соң дагы кош бойлуу болуп, жана бир уул төрөдү. «Күйөөмдүн мага көңүлү жок экенин көрүп, Жараткан Эге бул уулду да берди» деп, ага Ысман#29:33 … Ысман … – Мааниси «угуучу». деген ат койду. 34Кайра кош бойлуу болуп, уул төрөп: «Эми күйөөм мага байланат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим», – деп, бул уулуна Леби#29:34 … Леби … – Мааниси «байлануу». деген ат койду. 35Анан кайра кош бойлуу болуп, уул төрөп: «Бул жолу мен Жараткан Эгеге алкыш айтам», – деп, ага Иуда#29:35 … Иуда … – Мааниси «алкыш». деген ат койду. Анан анын төрөтү токтоду.
Currently Selected:
Башталыш 29: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018