Башталыш 30
30
1Рахел Жакыпка бала төрөп бербегендиктен эжесине ичи күйүп, Жакыпка:
– Мага бала бериңиз, болбосо өлөм! – деди. 2Жакып Рахелге ачуусу келип:
– Мен, эмне, сени куу этек кылган Кудай белем? – деди.
3Рахел:
– Анда күңүм Билха менен жатыңыз. Ал этегиме төрөп берсин, анын аркасы менен балалуу болоюн, – деди да, 4күңү Билханы күйөөсүнө алып берди.
Жакып Билха менен жатты. 5Билханын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди. 6Ошондо Рахел: «Кудай мени актады. Үнүмдү угуп, мага уул берди», – деп, уулунун ысмын Дан#30:6 … Дан … – Мааниси «Ал (Кудай) актады». койду. 7Рахелдин күңү Билханын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди. 8Рахел анан: «Эжем менен катуу таймашып, жеңип чыктым», – деди да балага Напталы#30:8 … Напталы … – Мааниси «менин таймашым». деген ат койду.
9Лея төрөтү токтогонун көрүп, күңү Зилпаны Жакыпка алып берди. 10Леянын күңү Зилпа Жакыпка уул төрөп берди. 11Лея: «Жолум болду», – деп балага Гад#30:11 … Гад … – Мааниси «жолу болду». деген ат койду.
12Леянын күңү Зилпа Жакыпка экинчи уулун төрөп берди. 13Ошондо Лея: «Мен кандай бактылуумун! Эми мени аялдар „бактылуу“ дей турган болушат!» – деп, уулунун атын Ашыр#30:13 … Ашыр … – Мааниси «бакыт». койду.
14Буудай оруу маалында Рубен талаага барып, мээр чөп таап алды да аны энесине алып келди. Ошондо Рахел Леяга:
– Уулуңдун мээр чөбүнөн мага да берчи, – деди.
15Лея болсо:
– Күйөөмдү ээлеп алганың аз келгенсип, эми уулумдун мээр чөбүн да алгың барбы! – деди.
Рахел ага:
– Мейли, уулуңдун мээр чөбүнүн ордуна эрим бул түнү сени менен жатсын, – деди.
16Жакып кечкурун талаадан келгенде, Лея алдынан тосуп чыгып:
– Бүл түнү мени менен жатыңыз, сизди уулумдун мээр чөбүнө сатып алдым, – деди.
Ошентип, Жакып ошол түнү Лея менен жатты.
17Кудай Леяга назарын буруп, анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди. 18Анан ал: «Кудай күңүмдү күйөөмө бергенимдин акысын кайтарды», – деп, баланын ысмын Ысахар#30:18 … Ысахар … – Мааниси «акы, сыйлык». койду. 19Леянын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөдү. 20Ошондо Лея мындай деди:
– Кудай мага сонун белек берди. Эми күйөөм мени сыйлап, урматтайт, анткени мен ага алты уул төрөп бердим, – деди да баласынын ысмын Забулун#30:20 … Забулун … – Мааниси «урмат-сый». койду.
21Кийин кыз төрөп, атын Дина деп койду.
22Кудай Рахелди унуткан жок. Ал аны угуп, этегин жалгады. 23Рахелдин боюна бүтүп, уул төрөдү. Ал: «Кудай мени шылдыңдан куткарды», – деди. 24Анан «Жараткан Эге мага дагы бир уул берсин» деп, уулуна Жусуп#30:24 … Жусуп … – Мааниси «дагы кошсун». деген ат койду.
Жакып менен Лабандын келишими
25Рахел Жусупту төрөгөн соң, Жакып Лабанга мындай деди:
– Мени коё бериңиз, эл-жериме кайтайын. 26Аялдарым менен балдарым үчүн кызматыңызды кылдым, аларды бериңиз, эми кетейин. Сизге канча кызмат кылганымды өзүңүз билесиз.
27Лабан:
– Ырайым этип, сөзүмө кулак салып койчу! Жараткан Эге мени сен үчүн жалгаганын төлгө ачтырып билдим. 28Кызмат акыңды өзүң быч, төлөп берейин, – деди.
29– Сизге кылган кызматымды, мен барда малыңыз кандай болгонун билесиз. 30Мага чейин саналуу гана малыңыз болсо, азыр абдан көбөйдү. Мен келгенден бери Жараткан Эге сизге берекесин берди. Бирок өз үйүм үчүн качан иштейм? – деди Жакып.
31– Сага эмне берейин? – деди Лабан.
– Мага эч нерсе бербеңиз. Эгер менин шартыма көнсөңүз, коюңузду кайтарып, бага берем, – деди Жакып. – 32Бүгүн малыңызды түгөл аралап чыгып, андан ар бир ала-кула жана темгилдүү койду, анан дагы койдун карасын жана эчкилердин ала-кула жана темгилдүүлөрүн бөлүп коёюн. Булар менин кызмат акым болсун. 33Кийин кызмат акымды текшергени келгениңизде, актыгым ушундан билинсин: менден ала-кула, темгил, кара эмес кой-эчки тапсаңыз, аларды сизден уурдалган деңиз.
34– Макул, – деди Лабан, – сен айткандай болсун.
35Лабан ошол эле күнү ала-кула, чаар текелерди, ала-кула, темгилдүү эчкилерди жана кара койлорду – баарын оторунан бөлүп, балдарынын колуна тапшырды. 36Алар Жакыптан ары үч күндүк жолго көчүп кетишти. Жакып Лабандын калган койлорун карап кала берди.
37Жакып теректин, бадамдын жана чынар дарагынын жаш чырпыктарынан кесип алды да, аларды ала-кула кылып аарчып, 38мал суу иче турган ноолорго салып койду. Анткени кой-эчки суу ичкени келгенде кууттан чыкчу. 39Ошентип, кой-эчки чырпыктарды карап, кууттан чыккандан кийин, алардан чаар, темгил, ала-кула козу-улактар туулуп жатты. 40Жакып козу-улактарды өзү үчүн бөлүп, койлорду Лабандын ала-кула жана кара малы жакты каратып койду. Жакып ушундай жол менен менчик малдуу болуп, аларды Лабандын малына аралаштырган жок. 41Малдын семизи келгенде, алар чырпыктарды карап, кууттан чыксын деп, чырпыктарды ноого салып койчу да, 42арык мал келсе, салчу эмес. Ошентип арык малдан туулганы Лабанга, семиз малдан туулганы Жакыпка тийип турду. 43Жакып ошентип абдан байып кетти. Анын малы, күңдөрү менен кулдары, төөлөрү менен эшектери көбөйдү.
Currently Selected:
Башталыш 30: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018