Башталыш 34
34
Динанын кайгысы
1Бир күнү Жакыптын Леядан туулган кызы Дина ошол жердин кыздарын көрүү үчүн чыкты. 2Ошол жердин башкаруучусу, хип элинен чыккан Хамордун уулу Шекем Динаны көргөндө, аны кармап алып, зордуктап койду. 3Шекем Жакыптын кызы Динага көңүлү түшүп, ашык болду да, ага жылуу сүйлөдү. 4Анан атасына: «Мага ушул кызды алып бериңиз», – деди.
5Жакып кызынын намысы тебеленгенин укту, бирок балдары талаада мал кайтарып жүргөндүктөн, алар кайткыча үндөгөн жок. 6Хамор уулу Шекемди жанына алып, Жакып менен сүйлөшкөнү анын алдына келди. 7Ошол убакта Жакыптын балдары талаадан келип калышты. Алар бул окуяны укканда, абдан ачууланып, каары кайнады, себеби Шекем Жакыптын кызын зордуктап, ысрайыл элинде ыпылас иш кылып, жасабай турган ишти жасаган эле.
8Хамор:
– Уулум Шекемдин кызыңарга көңүлү түшүп калыптыр, кызыңарды уулума бергиле. 9Куда-сөөк бололу, кыз алышып, кыз беришели. 10Биз менен чогуу жашай бергиле, каалаган жериңерде туруп, соода-сатык кылып, чарбаңарды жүргүзгүлө, мал-мүлк күткүлө, – деди.
11Шекем болсо Динанын атасы менен агаларына:
– Мага ырайым этиңиздер, каалаганыңыздарды берейин. 12Канча калың, канча тояна#34:12 … тояна … – Тойго алынып келген же той ээлери берген белек. десеңиздер да, өзүңүздөр бычыңыздар, айтканыңыздарды беремин, тек кызыңыздарды мага берсеңиздер эле болду, – деди.
13Ошондо карындашы Динанын абийирин төккөнү үчүн Жакыптын уулдары Шекем менен анын атасы Хаморго каршы амал ойлоп, мындай деп жооп беришти:
14– Жок, биз мындай кыла албайбыз. Карындашыбызды сүннөткө олтурбаган адамга бере албайбыз. Берсек, бул биз үчүн шермендечилик болот. 15-16Эркегиңердин баары биздей болуп сүннөттөлсө гана, макул болобуз. Кыз беришип, кыз алышабыз, бир жашап, бир эл болобуз. 17Эгер шартыбызга көнбөй, сүннөткө олтурбасаңар, анда кызыбызды алабыз да бул жерден кетебиз.
18Хамор менен анын уулу бул шартка макул болушту. 19Шекем атасынын үйүндө баарынан абройлуу болгондуктан бул талапты дароо орундатты, анткени Жакыптын кызына ашык болуп калган эле.
20Анан Хамор менен уулу Шекем эл чогулчу шаар дарбазасына келип, калаа эркектерине мындай дешти:
21– Бул адамдар биз менен тынчтыкта. Алар бул жерде жашап, соодасын кыла беришсин. Жер кенен, аларга да жетет. Алар менен кыз алышып, кыз беришелик. 22Бирок бул кишилер бир шарт менен гана биз менен жашап, бир эл болууга макул: биздеги эркектин баары алар сыяктуу сүннөткө отурушу керек экен. 23Эгер ушундай кылсак, алардын малы, үй-мүлкү, төрт түлүк малы биздики болот эмеспи? Айткандарына макул бололу, ошондо алар биз менен жашап калышат.
24Шаардын мүлдө калкы Хамор менен анын уулу Шекемдин сөзүнө макул болуп, калаадагы бүт эркек сүннөттөлдү.
25Үчүнчү күнү, алар ооруп жатканда, Жакыптын эки уулу, Динанын агалары – Ысман менен Леби кылычтарын алып, беймарал жаткан шаарга кирип барып, эркектердин баарын кырып салышты. 26Алар Хаморду, анын уулу Шекемди да кылычтап өлтүрүп, карындашы Динаны Шекемдин үйүнөн алып кетишти. 27Карындашын шерменде кылганы үчүн, Жакыптын калган уулдары кыргын болгон жерге келип, шаарды талап-тоношту. 28Алардын майда жана кара малын, эшектерин, шаарда жана талаада болгондун баарын бүт алып кетишти. 29Балдарынын баарын, аялдарын туткун кылып, болгон байлыгын, үйлөрүндөгү буюмдарды бүт олжолоп алышты.
30Ошондо Жакып Ысман менен Лебиге:
– Силер башыма балээ үйдүңөр. Бул жерде жашаган канаандарга, периздерге мени жек көрүндү кылдыңар. Менин адамдарым аз. Алар чогулуп, мага кол сала турган болсо, үй ичибиз менен бүт өлөбүз, – деди.
31Бирок алар:
– Карындашыбызга, эмне, сойкудай мамиле жасаса болот бекен? – деп жооп беришти.
Currently Selected:
Башталыш 34: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018