Башталыш 35
35
Жакыптын Бейтелге кайтышы
1Кудай Жакыпка: «Бейтелге бар да ошол жерге жаша. Ал жерге Мага, агаң Эсаптан качып баратканыңда көрүнгөн Кудайыңа арнап курмандык жай кур», – деди.
2Ошентип Жакып үйүндөгүлөргө, жанындагы адамдарынын баарына мындай деди:
– Бөтөн кудайларыңарды ыргыткыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла. 3Бул жерден Бейтелге көчөбүз. Башыма оор күн түшкөндө жардам берип, кайда барсам жанымда болгон Кудайга арнап ошол жерге курмандык жай курам, – деди.
4Баары колдорундагы бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн Жакыпка беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмендин түбүнө көөмп салды.
5Анан алар жолго чыгышты. Кудай ошол тегеректеги шаарлардын тургундарынын жүрөк үшүн алгандыктан, эч ким алардын изине түшүп, кубалаган жок. 6Жакып жанындагы бардык адамдары менен Канаан жериндеги азыр Бейтел деп аталган Лузга келип, 7ал жерге курмандык жай куруп, аны Бейтелдин Кудайы деп атады, анткени агасынан качып баратканда, Кудай ага ошол жерден көрүнгөн.
8Ошол кезде Рабиганын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин жанындагы эмендин түбүнө жерге берилди. Ошондуктан Жакып ал эменди «Жоктоо эмени» деп атады.
9Жакып Паддан-Арамдан кайтып келгенде, Кудай дагы бир ирет көрүнүп, батасын берди.
10«Жакып эле ысымың
Эми Жакып аталбай,
Ысрайыл болосуң»,
– деп, Кудай аны Ысрайыл атады.
11Кудай ага дагы мындай деди:
«Кудурети күчтүү Кудаймын.
Өркүнүң өсүп, көбөйгүн.
Тукумдап сенден эл чыгат,
Ал турсун тарайт көп элдер,
Тукумуңан өзүңдүн
Падышалар да чыгат.
12Ыбрайым менен Ыскакка
Энчилеген бул жерди
Сага жана болочок
Тукумуңа беремин».
13Ушундай деп, Кудай Жакыпка сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти. 14Жакып Кудай өзүнө сүйлөгөн жерге таш тургузуп, эстелик кылып, анын үстүнө Кудайга атап ичимдик тартуусун жана зайтун майын куйду. 15Ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.
Бейт-Лехемге бараткандагы кайгылуу окуя
16Алар Бейтелден чыгып, Эфратага аз калганда, Рахелдин толгоосу келип, төрөтү оор болду. 17Ал төрөттөн катуу кыйналып жатканда, аначы аял: «Коркпо, сен дагы уул төрөдүң», – деди. 18Рахел жаны үзүлөрдө баланын ысмын Бенони#35:18 … Бенони … – Мааниси «кайгыдан тапкан уулум». Башт. 30. 1. деп кетти. Атасы болсо анын атын Бенжамин#35:18 … Бенжамин … – Мааниси «ордумду баскан уулум». деп койду.
19Ошентип Рахел көз жуумп, азыр Бейт-Лехем аталган Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду. 20Жакып анын мүрзөсүнө моло таш орнотту. Рахелдин эстелик ташы азыр да бар.
21Анан Ысрайыл дагы көчүп, Эдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.
22Ысрайыл ошол жерде жашап жатканда, Рубен атасынын токолу Билханын жанына кирди. Муну атасы да укту.
Жакыптын уулдары
Жакыптын он эки уулу бар эле. 23Леянын уулдары: Жакыптын тун уулу Рубен, Ысман, Леби, Иуда, Ысахар жана Забулун. 24Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжамин. 25Рахелдин күңү Билханын уулдары: Дан менен Напталы. 26Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гад менен Ашыр. Булар Жакыптын Паддан-Арамда туулган уулдары.
27Жакып Мамредеги Кирият-Арбага, атасы Ыскакка келди. Кирият-Арба – бул азыркы Хеврон. Ал жерде Ыбрайым менен Ыскак келгин болуп жашаган. 28Ыскак 180 жыл жашап, 29узак өмүр сүрүп, карыганда, дүйнө салып, ата-бабасына кошулду. Уулдары Эсап менен Жакып анын сөөгүн жерге беришти.
Currently Selected:
Башталыш 35: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018