YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 37

37
Жусуп жана анын аталаш бир туугандары
1Жакып болсо атасы келгин болуп жашап өткөн Канаан жерине отурукташты. 2Анын уулдарынын тарыхы мындай:
Он жети жашар Жусуп агалары, Жакыптын Билха жана Зилпа деген аялынан төрөлгөн балдары менен атасынын коюн кайтарышып жүрдү. Ал атасына агаларынын жаман кылык-жоруктарын жеткирип турду. 3Карыганда көргөн баласы болгондуктан, Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан артык көрчү. Ал ага кооз чапан жасатып берди. 4Атасынын Жусупту өздөрүнөн артык көрөрүн билип, агалары аны жек көрүшүп, ага жылуу сөз айта албай калышты.
5Бир күнү Жусуп түш көрдү. Түшүн агаларына айтып бергенде, тигилер аны ого бетер жек көрүп калышты.
6– Уксаңар, мен мындай түш көрдүм, – деди Жусуп аларга. 7– Биз талаада буудай боолап жүрүптүрбүз. Аңгыча менин боом тикесинен тик туруп калды. Силердики болсо менин боомду тегеректеп алып, ага жүгүнүштү.
8– Сен, эмне, бизге падыша болуп, башкарам дегени турасыңбы?! – дешти агалары.
Көргөн түшү, айткан сөзү үчүн аны ого бетер жек көрүп калышты.
9Жусуп кийин дагы түш көрүп, аны да агаларына айтып берди:
– Уксаңар, мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн, ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүштү.
10Ал бул түшүн атасына да айтып бергенде, атасы:
– Деги сен эмне деген түш көрдүң!? Мен да, энең да, агаларың да сенин алдыңа келип, жерге жете ийилип, жүгүнөт экенбиз да? – деп урушту.
11Агаларынын ичтери күйүп, атасы болсо анын сөздөрүн жадына сактап калды.
Жусуптун кулчулукка сатылышы
12Жусуптун агалары атасынын коюн бакканы Шекемге кетишкенде, 13Ысрайыл Жусупка мындай деди:
– Агаларың Шекемде кой кайтарып жүргөнүн билесиң. Аларга барып кел.
Жусуп:
– Куп болот, – деди.
14Ошондо атасы:
– Барып, агаларың сак-саламат, мал-жаны аман экенин көрүп, кабар алып кел, – деп аны Хеврон өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү.
Жусуп Шекемге жетип, 15талаада адашып жүргөндө, бир киши көрүп:
– Эмне издеп жүрөсүң? – деп сурады.
16Жусуп:
– Агаларымды издеп жүрөм. Кой-эчкилерин кайсы жерде кайтарып жүргөнүн билесизби? – деди.
17Тиги киши:
– Алар бул жактан кетип калышкан. Мен алардын «Дотанга баралы» дегенин уккам, – деди.
Жусуп агаларынын артынан барып, аларды Дотандан тапты.
18Агалары Жусупту алыстан көрүп, ал жакын келгенче, аны өлтүрөбүз деп макулдашышты. 19Алар бири-бирине: «Тигине, түш көргүч мырзабыз келатат. 20Келгиле, көзүн тазалайлы да, сөөгүн чуңкурлардын#37:20 чуңкурлардын … – Бул чөлдө суу чогултуп сакташ үчүн казылган терең чуңкур болсо керек. бирине таштап салалы. Анан жырткыч айбанга жем болуптур дейбиз. Анан баягы түшүнүн эмне болорун көрөбүз», – дешти.
21Рубен муну укканда, Жусупту алардын колунан куткармакчы болуп:
– Жок, өлтүрбөйлү! – деди. 22Анан дагы:
– Кан төкпөгүлө, аны ээн талаадагы чуңкурга таштагыла, ага колуңар тийбесин! – деди.
Рубен Жусупту тигилердин колунан куткарып, аны атасына кайтарайын деген ниетте ушундай деди. 23Жусуп агаларына келери менен алар үстүндөгү чапанын, анын кооз чапанын чечип алып, 24өзүн болсо кургап калган бош чуңкурга таштап жиберишти.
25Анан алар тамактанганы олтурушканда, төөлөрүнө ар түрдүү жыттуу чайырлар менен майларды артып, Гилаттан Мисирге бараткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрүп калышты. 26Ошондо Иуда бир туугандарына мындай деди:
– Инибизди өлтүрүп, канын жашырганыбыздан не пайда? 27Андан көрө, аны Ысмайыл уулдарына саталы, анын канына забын болбойбуз, себеби ал биздин кандаш бир тууганыбыз да, – деди.
Бир туугандары буга макул болушту. 28Мидияндык соодагерлер жанынан өтүп баратышканда, агалары Жусупту чуңкурдан чыгарышып, аны Ысмайыл уулдарына жыйырма шекел күмүшкө сатып жиберишти. Алар Жусупту Мисирге алып кетишти.
29Рубен кайра чуңкурга келип, Жусуптун анда жок экенин көргөндө, кайгыдан кийимин айрып жиберди. 30Анан бир туугандарына келди да:
– Бала жок! Эми кайда барамын? – деди.
31Ошондо алар бир улакты союп, Жусуптун чапанын канга малышты да, 32аны атасына алып барып:
– Биз мына муну таптык. Карасаңыз, ата, бул уулуңуздун чапаны эмеспи? – дешти.
33Жакып чапанды таанып:
– Бул баламдын чапаны! Ал жырткычка жем болгон турбайбы! Жусубумду жырткыч жарып кетиптир! – деди.
34Жакып кийимин айрып, зумбалдан аза кийим кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады. 35Уул-кыздары түгөл келип, жубатса да, ал кулак салбай: «Уулумдун жанына, о дүйнөгө баргыча мен кайгырып жүрүп өтөрмүн», – деп уулун жоктоп аза күттү.
36Бул арада мидияндар Жусупту Мисирге алып барып, фараондун кызматчысы, сакчылардын башчысы Потиферге сатып жиберишти.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in