Башталыш 39
39
Жусуптун кыйын учурда да ийгиликке жетиши
1Ысмайыл уулдары Жусупту Мисирге алып келишкенде, фараондун кызматчысы, сакчылардын башчысы Потифар аны алардан сатып алды.
2Жараткан Эге Жусуп менен бирге болуп, аны ийгилик коштоду. Ал мисирлик кожоюнунун үйүндө жашады. 3Кожоюну Жараткан Эге Жусупка жар болгонун, анын жасаган ишинин баарын жалгаганын көрдү. 4Жусуп кожоюнунун көңүлүнө жагып, анын жакын кызматчысы болуп калды. Ээси Жусупту үйүнө, бүт чарбасына башкаруучу кылды. 5Кожоюну Жусупту үйүнө, мал-мүлкүнө башкаруучу кылгандан кийин, Жараткан Эге Жусуп үчүн мисирликтин үйүнө батасын берди. Анын үйүндөгү, талаасындагы мал-мүлкүнө берекесин төктү. 6Потифар колунда болгондун баарын Жусупка табыштап, жеген тамагынан башка нерсе менен иши болбоду.
Жусуптун азгырыкка туш болушу
Жусуп келбети келишкен жигит эле. 7Арадан убакыт өтүп, Потифардын аялынын Жусупка көзү түшүп, «мени менен жат» деди. 8Бирок Жусуп баш тартып, кожоюнунун аялына мындай деди:
– Мына, кожоюнум мен турганда үйүндөгү эч бир ишке аралашпайт, ал болгон чарбасын мага тапшырган. 9Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сизден башка эч нерсеге тыюу салган жок, себеби сиз аялысыз. Анан кантип ушундай чоң жамандык жасап, Кудай алдында күнөө кылам?
10Аял күн сайын ушинтип айта берсе да, Жусуп аны менен жаткан да жок, жанына жологон да жок.
11Бир күнү Жусуп өз иштерин жасоо үчүн үйгө кирди. Үйдө кызматчылардан эч ким жок эле. 12Ошондо Потифардын аялы Жусуптун чапанынан шап кармап: «Мени менен жат!» – деди. Бирок Жусуп чапанын аялдын колунда калтырып, сыртка качып чыкты. 13Аял Жусуптун чапанын калтырып, сыртка чыга качканын көргөндө, 14үй кызматчыларын чакырып, аларга:
– Карагыла, эрим жанагы эврейди бизди кордош үчүн алып келген экен да! Ал мени менен жатканы кирди эле, мен күчүм барынча бакырып жибердим. 15Кыйкырып-бакырганымды уккан ал чапанын жаныма таштаган боюнча сыртка чыга качты, – деди.
16Ошентип кожоюну үйгө келгенче, аял Жусуптун чапанын өзүндө кармап турду. 17Анан бая айткандарын эрине кайталап: «Сен алып келген эврей кулуң мага келип, мени кордоюн деди. 18Бирок мен катуу бакырып жибергенимде, чапанын таштай салып, тышка качып чыкты», – деди.
19Жусуптун кожоюну аялынын: «Сенин кулуң мага ушинтти», – дегенин укканда, каары кайнады. 20Ал Жусупту карматып, падышанын туткундары камалган зынданга салдырды.
Жусуп зынданда болгондо да, 21Жараткан Эге аны колдоп, ырайым кылып, зындан башчынын көңүлүн ага бургузду. 22Зындан башчы болсо камактагы туткундардын баарын Жусуптун кол алдына берди. Жусуп ал жердеги бардык ишке жоопкер болду. 23Зындан башчы Жусупка тапшырган жумуштун эч бирине кийлигишпеди, анткени Жараткан Эге Жусупту колдоп, анын ар бир ишин жалгап турду.
Currently Selected:
Башталыш 39: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: