YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 40

40
Жусуптун камактагылардын түшүн жорушу
1Арадан убакыт өтүп, Мисир падышасынын шарап сунуучусу#40:1 шарап сунуучу … – Шарап сунуучу фараонго бериле турган бүт тамак-ашты текшерип турган. менен наабайчысы кожоюну – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты. 2Фараон эки кызматкерине – башкы шарап сунуучу менен башкы наабайчыга ачууланып, 3аларды сакчылар башчысынын үйүндөгү зынданга – Жусуп олтурган жерге каматты. 4Сакчылар башчысы ошол туткундарды Жусупка тапшырып, алар үчүн жооптуу кылып койду. Ошентип, алар бир канча убакыт зынданда олтурушту.
5Бир күнү Мисир падышасынын камактагы шарап сунуучусу менен наабайчысы экөө тең бир түндө өзгөчө мааниси бар эки башка түш көрүштү. 6Жусуп таң атканда аларга келип, экөөнүн ындыны өчүп турганын көрдү. 7Ал кожоюнунун үйүндө өзү менен бирге камакта олтурган фараон кызматчыларынан:
– Эмнеге бүгүн сабырыңыздар суз? – деп сурады.
8Алар:
– Экөөбүз тең түш көрүп, жоруп берер киши жок, – дешти.
– Түштүн жорулушу Кудайдан эмеспи? – деди Жусуп аларга. – Түшүңүздөрдү мага айтып берсеңиздер.
9Ошондо башкы шарапчы Жусупка көргөн түшүн айтып берди:
– Түшүмдө бет алдымда турган жүзүм сабагын көрдүм. 10Анын үч бутагы бар экен. Бутактар бүчүр байлары менен гүлдөп, гүлдөрү дароо жүзүм болуп бышты. 11Фараондун чөйчөгү колумда экен. Жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө ширесин сыгып, чөйчөктү фараондун колуна сундум.
12Жусуп ага мындай деди:
– Түшүңүз мындай жорулат: үч бутак – бул үч күн дегени. 13Үч күндөн кийин фараон сизди көтөрүп, мурунку кызматыңызга коёт. Мурдагыдай эле ага кайрадан шарап суна турган болосуз. 14Ишиңиз оңунан чыкканда, мени эстеп, бир жакшылык кылыңыз. Фараонго мени айтып, бул үйдөн алып чыгыңыз. 15Себеп дегенде, мени эврейлердин жеринен күчтөп алып келишкен. Бул жерде да зынданга камагыдай жамандык жасаган эмесмин.
16Башкы наабайчы Жусуптун түштү жакшылыкка жоруганын көрүп, ага мындай деди:
– Мен да түш көрдүм. Башымда үч себет бар экен. 17Эң үстүнкү себетте фараонго арнап бышырылган түрдүү нан азыктары бар экен. Куштар башымдагы себеттен аларды чокуп жеп жатышыптыр.
18– Түшүңүз мындай жорулат, – деди ага Жусуп. – Үч себет – бул үч күн дегени. 19Үч күндөн кийин фараон башыңызды алып, жасатыңызды жыгачка астырат, анан куштар келип, денеңизди чокуп жешет.
20Үч күн өтүп, фараон туулган күнүндө бардык кызматчыларына той берип, алардын алдында башкы шарап сунуучу менен башкы наабайчынын тагдырын чечти. 21Анан башкы шарапчысын мурунку кызматына коюп, ал фараонго шарап суна турган болду. 22Ал эми башкы наабайчыны болсо, Жусуп жоругандай, жыгачка астырды. 23Башкы шарапчы Жусупту эстеген жок, аны жадынан чыгарды.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in