YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 41

41
Жусуптун фараондун түшүн жорушу
1Арадан толук эки жыл өткөндө, фараон түш көрдү. Түшүндө ал Нил дарыясынын жээгинде туруптур. 2Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыш арасында оттой баштады. 3Алардын артынан көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жээгиндеги семиз уйлардын жанына келди. 4Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп коюшту. Ушул жерден фараон ойгонуп кетти. 5Анан кайра уктап кетип, башка түш көрдү. Түшүндө буудайдын бир сабагында бадырайган, жакшы жети машак өсүп туруптур. 6Алардан кийин чыгыш шамалынан улам чүрүшүп, катып калган жети машак өсүп чыкты да, 7жакшы, бадырайган машактарды жалмап койду. Ошондо фараон ойгонуп кетти. Бул түшү экен.
8Таң заарда фараондун тынчы кетип, Мисирдеги олуялар менен акылмандарды түгөл чакыртып, аларга көргөн түшүн айтып берди. Бирок эч кимиси фараондун түшүн жоруй алган жок.
9Ошондо башкы шарапчысы фараонго мындай деди:
– Бүгүн бир айыбымды эстеп жатам, аны мойнума алам. 10Бир күнү сиз, падышам, башкы наабайчы менен мага ачууланып, бизди сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып койгонсуз. 11Бир жолу түндө ал жана мен, ар бирибиз өзүнчө мааниси бар түш көрдүк. 12Ошол жерде биз менен бирге сакчылардын башчысынын кызматчысы, жаш эврей бар экен. Биз ага түштөрүбүздү айтып бергенде, ал ар бирөөбүзгө түшүбүздү жоруп берди. 13Түшүбүздү кандай жоруса, баары дал ошондой болду: мен өз кызматыма кайттым, башкы наабайчы жыгачка асылды.
14Фараон ошондо Жусупка киши жиберип, дароо зындандан алдырды. Жусуп чачын кырктырып, кийимдерин алмаштырган соң, фараондун алдына келди. 15Фараон ага:
– Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким жоруй албады. Сени түш жоруйт деп уктум, – деди.
16– Жоруй турган мен эмес, түштү сиз үчүн жакшылыкка Кудай Өзү жоруп берет, – деди Жусуп.
17Ошондо фараон Жусупка мындай деди:
– Түшүмдө Нил дарыясынын боюнда турган экемин. 18Анан семиз, көрүнүшү жакшы жети уй дарыядан чыгып келип, камыштын арасында оттой баштады. 19Алардын аркасынан арык, көрүнүшү начар, кабыргалары саналган дагы жети уй чыкты. Мен мындай көрүнүшү начар уйларды мурда Мисирден эч көргөн эмесмин. 20Ошол арык, көрүнүшү начар уйлар семиз уйларды жеп коюшту. 21Семиз уйлар алардын карынына кирсе да, киргени билинбей, жүдөгөн уйлар баягыдай эле көрүнүшү начар бойдон кала берди. Анан мен ойгонуп кеттим.
22Кийин башка түш көрдүм. Буудайдын бир сабагына бадырайган, жакшы жети машак өсүп чыкты. 23Алардын аркасынан чыгыш шамалынан улам соолуп, чүрүшүп, катып калган дагы жети машак өсүп чыкты да, 24жети жакшы машакты жеп койду. Мен бул түштөрүмдү олуяларга айтып бердим, бирок эч кимиси жоруй алган жок.
25Жусуп фараонго мындай деди:
– Фараондун түштөрүнүн мааниси бир. Кудай фараонго жасай турган ишин билдириптир. 26Жети жакшы уй – бул жети жыл, жети жакшы машак да – жети жыл. Түштөрдүн мааниси бир. 27Алардан кийин чыккан арык, көрүнүшү начар жети уй менен чыгыш шамалынан улам чүрүшүп, катып калган машактар жети жыл ачарчылыкты билдирет. 28«Кудай фараонго жасай турган ишин көрсөтүптүр» дегеним ушундан. 29Бүткүл Мисир жеринде жети жыл молчулук болот. 30Андан кийин жети жыл ачарчылык болуп, Мисир жеринде болгон молчулукту унуттурат. Бул ачарчылык жерди жабыркатат. 31Кийин келген ачарчылык катаал болгондуктан, мурун болгон молчулуктун изи да калбайт. 32Фараонго эки жолу кайталанып түш киргени – Кудай муну чечип, жакында аны ишке ашырары анык экенин билдирет.
33Эми фараон акылман, иш билги бир адамды таап, аны Мисир жерине башкаруучу кылсын. 34Жер-жерлерге атайын көзөмөлдөөчүлөрдү дайындап, алар жети жылдык молчулук убагында Мисирдеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйнасын. 35Алар алдыдагы, молчулук жылдарындагы эгин-тегиндин баарын фараондун бийлиги менен шаарларга жыйнап, сакташсын. 36Ошол жыйналган түшүм Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачкачылыкта азык болуп, эл аман калат.
Жусуптун баш вазирликке дайындалышы
37Жусуптун бул ою фараон менен анын кызматкерлерине абдан жакты. 38Фараон кызматчыларына:
– Кудайдын Руху даарыган Жусуптай башка кишини кайдан табабыз? – деди.
39Анан Жусупка:
– Эгерде ушунун баарын Кудай сага айкын кылып жатса, анда, демек, сенден акылман жана иш билги адам жок. 40Сен ак сарайымдын башчысы болосуң, бүт элим буйругуңа моюн сунат. Мен тактым менен гана сенден жогору болом, – деди.
41Мен сени бүт Мисир жерине башчы кылдым, – деди фараон сөзүн улап.
42Анан колундагы мөөр шакегин чыгарып, Жусуптун колуна салды. Үстүнө зыгыр чапан жаап, мойнуна алтын чынжыр такты. 43Жусупту өзүнөн кийинки даражадагы кишиге арналган арабага олтургузуп, анын алдынан: «Таазим кылгыла!» – деп жар салууну буйруду. Ушинтип, Жусупту бүткүл Мисир элине башчы кылды. 44Фараон Жусупка:
– Мен фараонмун, бирок сенин уруксатыңсыз бүт Мисир жеринде эч ким эч нерсе кыла да албайт, эч жакка бара да албайт! – деди.
45Фараон Жусупка Сапнат-Панеах деген ат коюп, аны Он шаарындагы дин кызматчы Потифердин кызы Асыйнатка үйлөндүрдү. Ошентип, Жусуп Мисир жерин кыдырганы кетти.
46Жусуп Мисир падышасы фараондун кызматын кыла баштаганда отуз жашта эле. Ал фараондун ак сарайынан чыгып, бүтүн Мисир жерин кыдырып чыкты. 47Берекелүү жети жыл бою жер мол түшүм берип турду. 48Жусуп Мисир жеринен жети жыл ичинде алган эгинди бүт жыйнатып, шаарларга сактады. Ар бир шаарга анын айланасындагы талаалардагы түшүмдү жыйнатты. 49Жусуп деңиз кумундай көп дан жыйнагандыктан, өлчөгөнүн да токтотту. Анткени дан өлчөмсүз көп эле.
50Ачарчылыкка чейин Жусуп Он шаарынын дин кызматчысы Потифердин кызы Асыйнаттан эки уул көрдү. 51«Кудай тарткан азаптарымдын баарын жана атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулун Менаше#41:51 Менаше … – Бул ысымдын «унуттуруу» деген эврей сөзү менен байланышы бар. деп койду. 52«Азап тарткан жерде Кудай менин өркүнүмдү өстүрдү» – деп, экинчи уулун Эпрайым#41:52 Эпрайым … – «Берекелүү» дегенди билдирет. деп койду.
53Ошентип, Мисирдеги жети жылдык молчулук да аяктап, 54Жусуп айткандай, жети жылдык ачарчылык башталды. Башка элдин баарында ачарчылык болуп, бирок бүт Мисир жеринде буудайдын кору бар эле. 55Акыры, бүт Мисир жери да ачарчылыктан жабыркай баштаганда, эл фараонго жалбарып, буудай сурап келди. Фараон жамы журтка: «Жусупка баргыла да, анын айтканын кылгыла!» – деп жооп берди. 56Ачарчылык бүт Мисир жерине келгенде, Жусуп бардык кампаларды ачтырып, мисирликтерге дан саттыра баштады. Ачарчылык болсо күчөгөндөн күчөй берди. 57Жусуптан дан сатып алганы Мисирге төгөрөктүн төрт бурчунан эл келип жатты, анткени бүт жер жүзүндө ачарчылык алкымдан алып турган эле.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in