YouVersion လိုဂို
ရွာရန္ အိုင္ကြန္

Лука 22

22
Ыйсага каршы бүтүм
1Калама майрамы жакындап калган эле. Аны Куткарылуу майрамы деп да коюшат. 2Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери элден корккондуктан Ыйсаны өлтүрүүнүн тымызын жолун издешти. 3Ошондо «он экинин» бири – Жүйүт Искариоттун ичине шайтан кирди. 4Ал жогорку динкызматчыларга жана ийбадаткана сакчыларынын башчыларына барып, Ыйсаны аларга кантип кармап берерин сүйлөштү. 5Алар абдан кубанып, Жүйүткө акысын төлөөгө макул болушту. 6Жүйүт аларга убада кылып, Ыйсаны эл жок жерден кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.
Акыркы кечки тамак
7Ошентип Калама майрамынын биринчи күнү да келип калды. Ошол күнү бир козуну курмандыкка чалышчу. 8Ошондуктан Ыйса Петир менен Жаканды жиберип:
– Барып, бизге майрам тамагын даярдагыла, – деди.
9Тамакты кай жерге даярдайлы? – деп сурашты алар.
10Ыйса мындай жооп берди:
– Шаарга киргениңерде, бир кумура суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип ал кирген 11үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле. 12Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла.
13Алар барышканда, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты.
14Кечки тамак учурунда Ыйса элчилери менен дасторкон жанында жамбаштап жатып, 15аларга:
– Азап чегеримдин алдында мына бул Куткарылуу майрамынын тамагын силер менен бирге жешти абдан эңсеген элем. 16Силерге айтып коёюн: Кудай Падышачылыгында куткарылуу майрамынын чыныгы мааниси толук ачылганча, мындан ары бул тамактан ооз тийбейм, – деди.
17Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп, аларга:
– Муну алып, өз ара бөлүшкүлө. 18Силерге айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгы орногуча, эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, – деди.
19Анан нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:
– Бул – силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө, – деди.
20Анан бир чөйчөктү колуна алып, мындай деди:
– Бул чөйчөк – силер үчүн төгүлчү каным менен бекий турган силер менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишим. 21Бирок Мени өз колу менен кармап бере турган саткын Мени менен бирге дасторкон башында отурат! 22Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору.
23Ошондо шакирттери:
– Аны ким сатканы жүрөт? – деп бири биринен сурай башташты.
Ким улуу?
24Шакирттеринин арасында кимибиз улуу болдук экен деген талаш башталды. 25Ыйса аларга мындай деди:
– Дүйнөдөгү падышалар эл үстүнө үстөмдүк кылышат, эл бийлегендер «эл камын көргөндөр» деп аталышат. 26Бирок силер андай болбогула. Тескерисинче, улууңар кичүүдөй, башчыларыңар кызматчыдай болушсун. 27Кимиси улуу: дасторкондун жанында жамбаштап жатканбы, же ага кызмат кылып турганбы? Жамбаштап жатканы улуу да, туурабы? Бирок Мен силердин араңарда кызматчы катары кызмат кылып жүрбөймүнбү. 28Бирок силер Менин башыма кыйынчылык түшкөн кезде жанымда болдуңар. 29Ошондуктан Атам Мени падышачылык кылганга дайындагандай, Мен да силерге бийлик берем. 30Силер Менин падышачылыгымдагы дасторкондон даам татасыңар да, такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар.
Ыйса Петирдин «Аны тааныбайм» дээрин алдын ала айтат
31Эгебиз Ыйса Ысман-Петирге:
– Ысман, Ысман! Буудайды электен өткөргөн сыяктуу, шайтан да силерди сыноодон өткөрүүнү талап кылды. 32Бирок Мен сенин ишенимиң жоголуп кетпесин деп сыйындым. Сен болсо ишенимге кайтып келгениңде, боордошторуңдун да ишенимин бекемде, – деди.
33Ысман Ыйсага:
– Эгем, сени менен бирге абакка да, ажалга да даярмын! – деди.
34Бирок Ыйса:
– Петир, сага айтамын: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, – деп жооп берди.
35Ошондон кийин Ыйса шакирттерине:
– Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле? – деди.
Алар:
– Жок, эч нерсеге, – деп жооп беришти.
36Ыйса аларга:
– Бирок мындан ары кимдин капчыгы болсо, алып алсын. Кимдин баштыгы болсо, көтөрүп алсын. Кимде канжар жок болсо, кийимин сатып ийип, канжар сатып алсын. 37Анткени силерге айтып коёюн: «Аны кылмышкерлердин катарына кошушту»#22:37 Ышая 53:12. деп Ыйык Жазууда айтылган сөз Менин өмүрүмдө аткарылышы керек. Себеби Мен тууралуу айтылган сөздөр аткарылбай койбойт, – деди.
Шакирттер:
38Эгебиз, мына бул жерде эки канжар бар, – дешти.
Ыйса аларга:
– Жетет, – деди.
Гетсеман багындагы сыйынуу
39Ыйса шаардан чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан ээрчишти. 40Ошол жерге жеткенден кийин Ыйса аларга: «Шайтанга азгырылбас үчүн сыйынгыла!» – деди.
41Өзү алардан таш ыргытымдай оолагырак барып, тизеледи да, мындай деп сыйынды:
42Ата, эгер кааласаң, ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!
43Ошол учурда көктөн бир периште келип, Ыйсага көрүнүп, Ага кайрат берди. 44Ыйса ого бетер берилип сыйынды. Анын тери кан тамчыларындай болуп жерге тамды. 45Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан турду да, шакирттеринин жанына келип, алардын кайгыдан чарчап, уктап калганын көрдү. 46Ошондо аларга:
– Эмне уктап жатасыңар? Шайтанга азгырылып кетпес үчүн сыйынгыла! – деди.
Ыйсанын кармалышы
47Ыйса сөзүн аяктай электе, топурап, бир топ адамдар келди. Аларды он эки элчинин бири, Жүйүт баштап жүрүптүр. Ал Ыйсага жакындап, өпмөкчү болду. 48Бирок Ыйса ага:
– Жүйүт, сен өөп туруп, Адам Уулуна кыянаттык кыласыңбы? – деди.
49Ыйсанын жанындагылар эми эмне боло турганын сезишти да:
– Эгебиз, канжар менен чабышпайлыбы? – дешти.
50Алардын бирөөсү башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты. 51Бирок Ыйса:
– Токтоткула! – деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны калыбына келтирип, айыктырып койду.
52Өзүн кармоого келген жогорку динкызматчыларга, ийбадаткана сакчыларынын башчыларына жана эл башчыларына Ыйса мындай деди:
– Каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. 53Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда жүргөнүмдө, Мага кол көтөргөн жок элеңер, эми болсо силердин мезгилиңер келип, бийлик – караңгылыктыкы.
Ысман Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы
54Алар Ыйсаны кармашты да, башкы динкызматчынын үйүнө алып барышты. Ал эми Петир артынан акмалап, ээрчип келди. 55Сакчылар короонун ичине от жагып, тегерете жылынып отурушканда, Петир да алардын арасына барып кошулду. 56Бир малай аял оттун жарыгынан анын отурганын көрө койду да, тигиле карап:
– Бул да ошолор менен бирге жүргөн болчу, – деди.
57Петир ага:
– Ай, аял, койсоңчу, мен аны тааныбайм, – деп мойнуна албады.
58Көп өтпөй дагы бирөө аны көрө коюп:
– Сен да ошолордун бирисиң, – деди.
Бирок Петир ал кишиге да:
– Эй, койсоңчу, мен алардан эмесмин, – деди.
59Бир сааттай убакыт өткөн соң, дагы бирөө:
– Чынында эле, бул да анын жанында жүргөн, өзү да галилеялык экен, – деп баса айтты.
60Бирок Петир ошол адамга:
– Эй, сен эмне деп жатканыңды түшүнбөдүм?! – деди.
Ал сүйлөп бүтө электе короз кыйкырды. 61Эгебиз бурулуп, Петирди карады. Ошондо Петир Эгебиздин: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың» деген сөзүн эстеди да, 62сыртка чыгып, өксүп ыйлады.
Жогорку кеңештин алдында
63Ыйсаны кармап турган кишилер Аны сабап, кордук көрсөтүштү. 64Анын башын таңып туруп, уруп:
– Кана, пайгамбарчылык кылып, сени ким урганын айтып берчи! – деп мазакташты.
65Алар Аны дагы башка көптөгөн жаман сөздөр менен кордошту.
66Таң атканда, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери жыйналышып, Ыйсаны өздөрүнүн жогорку кеңешке алып келишти.
67Эгер сен Машаяк болсоң, бизге айтчы! – дешти алар Ыйсаны суракка алып.
Ыйса аларга:
– Силерге айтсам, ишенбейсиңер! 68Суроо берсем, жооп бербейсиңер! 69Бирок ушул кезден баштап Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагында олтура турган болот,#22:69 Забур 109:1. – деди.
70Ошондо бардыгы:
– Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да? – дешти.
Ыйса аларга:
– Дал ошонун Өзү экенимди өзүңөр айтып турасыңар, – деп жооп берди.
71Андан кийин муну уккан алар:
– Бизге башка далилдин кереги жок! Биз муну анын өз оозунан уктук! – дешти.

လက္ရွိေရြးခ်ယ္ထားမွု

Лука 22: КЫРИ

အေရာင္မွတ္ခ်က္

မၽွေဝရန္

ကူးယူ

None

မိမိစက္ကိရိယာအားလုံးတြင္ မိမိအေရာင္ခ်ယ္ေသာအရာမ်ားကို သိမ္းဆည္းထားလိုပါသလား။ စာရင္းသြင္းပါ (သို႔) အေကာင့္ဝင္လိုက္ပါ