Курмандыктардын жагымдуу жыты Жараткан Эгеге жеткенде, Ал Өз ичинен мындай деди: «Адам жаштайынан ниети жаман болсо да, Мен мындан ары эч качан жерди адамдардын айынан каргабайм, жердеги тирүү жандын баарын азыркыдай жок кылбайм. Мындан кийин жер жер болуп турганда, эгүү-оруу, ысык-суук, жай менен кыш, күн менен түн токтобой боло берет».