Башталыш 6
6
Жараткан Эгенин кайгыруусу
1Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар да туулганда, 2асман уулдары адамдардын кыздары сулуу экенин көрүп, жактыргандарын аял кылып ала башташты. 3Ошондо Жараткан Эге: «Менин демим адам ичинде түбөлүк болбойт, анткени алар өлө турган пенделер. Эми адамдын өмүрү 120 жыл болсун», – деди. 4Ал кезде, андан кийин да жер жүзүндө алп кишилер болгон. Алар асман уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда туулган. Булар байыркы заманда элге таанымал баатырлар эле.
5Жараткан Эге адамдардын жер бетинде кылган жамандыгы көп экенин көрдү. Алардын болгон ою, эси-дарты ар убак жамандык гана жасоо болуп калган. 6Ошондо Жараткан Эге жер бетине адамзатты жаратканына кейип, жүрөгү сыздады. 7Ошол үчүн Ал: «Мен Өзүм жараткан адамды, аны менен кошо малды, майда жаныбарларды жана канаттууларды да жер бетинен жоготом. Себеби аларды жаратканыма кейип турам», – деди. 8Бирок Жараткан Эге Нухка ырайым кылды.
Кудайдын Нухту куткаруу ниети
9Нухтун тарыхы мындай: Нух замандаштарынын арасында такыбаа, кынтыксыз жана Кудай менен жакын алакада жашаган адам эле. 10Нухтун Шем, Хам жана Жепет деген үч уулу бар болчу. 11Жер жүзү Кудайдын алдында абдан бузулуп, зулумдукка толду. 12Кудай жер жүзүн карап, баары туура жолдон чыгып, бузулуп кеткенин көрдү. 13Ошондо Ал Нухка мындай деди: «Мен баарын түгөл жок кылам. Алардын кесири тийип, жер үстү зулумдукка толду, ошондуктан аларды жер менен кошо жок кылам. 14Сен кипарис жыгачынан чоң кеме кур, аны бөлмөлөргө бөлүп, ичи-сыртын кара чайыр менен майла. 15Аны мындай жаса: узуну 300, туурасы элүү, бийиги отуз чыканак болсун. 16Кеменин бастырмасын бир чыканак жогору кылып тургуз. Эшигин капталынан чыгар. Кеменин төмөнкү, ортоңку, жогорку кабаты болсун. 17Билип ал, Мен асман астындагы жан бүткөндүн баарын жок кылуу үчүн жер бетине топон суу каптатамын. Жер үстүндөгүнүн баары кырылат. 18Бирок сени менен келишим түзөм. Сен уулдарың, аялың жана келиндериң менен кемеге киресиң. 19Жаныбарлардын ар бир түрүнөн жуп-жуптан – эркек менен ургаачысынан өзүң менен кошо кемеге алып киресиң, алар сени менен бирге аман калсын. 20Тирүү калсын үчүн куштардын, малдын жана майда жаныбарлардын ар түрү – баары жуп-жубу менен сага келсин. 21Өзүңө жана аларга азык боло турган тамак-аштын ар түрүнөн камдап ал».
22Нух Кудай буйругандын баарын так аткарды.
Okuqokiwe okwamanje:
Башталыш 6: КЫРИ
Qhakambisa
Dlulisela
Kopisha
Ufuna ukuthi okuvelele kwakho kugcinwe kuwo wonke amadivayisi akho? Bhalisa noma ngena ngemvume
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018