Башталыш 22
22
Ыбрайымдын ишениминин сыналышы
1Бир канча убакыттан кийин Кудай Ыбрайымды сынады.
– Ыбрайым! – деди Ал.
– Угуп жатам! – деп жооп берди Ыбрайым.
2Кудай:
– Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мория жерине бар. Ошол жерде, Мен сага айта турган тоолордун биринде аны бүт өрттөлчү курмандыкка чал, – деди.
3Ыбрайым саарда туруп, эшегин токуду. Жанына эки кол баласын жана уулу Ыскакты алды. Курмандык үчүн отун жарды да, Кудай айткан жерге бет алды. 4Үчүнчү күн дегенде, Ыбрайым көз чаптырып, айтылган жерди алыстан көрдү. 5Ошондо эки кол баласына:
– Силер ушул жерде эшектин жанында калгыла. Уулум экөөбүз тетиги жерге барып, Кудайга ийбадат кылып, кайра келебиз, – деди.
6Ыбрайым Ыскактын жонуна курмандыкка даярдалган отунду артып, өзү колуна оттук менен бычакты алды да, экөө бирге жөнөдү. 7Анан Ыскак:
– Ата! – деп үн катты.
– Ии, балам, – деди Ыбрайым.
– Оттук менен отун бар, курмандыкка чала турган козу кана? – деди Ыскак.
8– Курмандыкка чалчу козуну Кудай Өзү караштырат, уулум, – деди Ыбрайым.
Ошентип, экөө андан ары чогуу жолун улашты.
9Алар Кудай айткан жерге келишкенде, Ыбрайым курмандык жай куруп, үстүнө отунду койду. Анан баласын байлап, курмандык жайга коюлган отундун үстүнө жаткырды. 10Ыбрайым уулун мууздамакчы болуп, бычагын алганда,
11– Ыбрайым, Ыбрайым! – деди Жараткан Эгенин периштеси асмандан.
– Угуп жатам, – деп жооп берди Ыбрайым.
12– Балага тийбе, ага эч нерсе кылба! – деди периште. – Сенин Кудайдан коркоруңду билдим. Себеби сен Менден жалгыз уулуңду да аябадың.
13Ыбрайым башын көтөрүп, бадалга мүйүзүнөн чаташып калган бир кочкорду көрдү. Барып, аны уулунун ордуна бүт өрттөлчү курмандыкка чалды. 14Анан ошол жерди «Жараткан Эге караштырат» деп атады. Ошол себептен азыр да «Жараткан Эгенин тоосунда караштырылат» деп айтылат.
15Жараткан Эгенин периштеси көктөн Ыбрайымга экинчи ирет үн катты: 16«Мен сага Өз атым менен ант берем», – дейт Жараткан Эге. – «Бул ишти жасап, жалгыз уулуңду да аябадың, 17ошондуктан Мен сени жалгагандан жалгаймын. Тукумуңду асмандагы жылдыздай, деңиз жээгиндеги кум сыяктуу көбөйткөндөн көбөйтөмүн. Тукумуң душмандарынын шаарларын ээлейт. 18Мени укканың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер батамды алышат».
19Ошондон кийин Ыбрайым кол балдарына кайтып келди. Алар чогуу Бээр-Шевага кетишти. Ыбрайым анан ошол жерде жашап калды.
20Бир нече убакыт өткөндөн кийин Ыбрайымга: «Иниң Нахорго аялы Милка бир нече уул төрөп берди», – деген кабар келди. 21Тун уулунун ысмы Уз, кийинкисинин аты Буз, андан кийинкисиники Кемуел. Кемуел Араминин атасы. 22Анан Кесед, Хазо, Пилдаш, Идлаф жана Бетуел эле. 23Бетуелден Рабига төрөлгөн. Ушул сегизин Милка Ыбрайымдын иниси Нахорго төрөп берди. 24Ал эми токолу Ревумадан Тебах, Гахам, Тахаш жана Мааха деген уулдар төрөлдү.
Currently Selected:
Башталыш 22: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018