Башталыш 36
36
Эсаптан тарагандар
1Эдом атка конгон Эсаптын санжырасы мындай. 2Эсап канаандык кыздарга үйлөнгөн. Биринчи аялы хет элинен чыккан Элондун кызы Ада болчу. Экинчиси Ананын кызы Охолибама эле. Охолибама хип элинен чыккан Зибондун небереси болчу. 3Үчүнчүсү Ысмайылдын кызы, Наваёттун карындашы Басмат эле. 4Ададан Элифаз, Басматтан Ревуел, 5Охолибамадан Жууш, Жалам, Корах туулган. Булар – Эсаптын Канаанда туулган уулдары.
6Эсап аялдарын, уул-кыздарын, кул-күңдөрүн жана Канаанда тапкан бардык мал-мүлкүн алып, иниси Жакыптан башка жакка көчүп кетти. 7Анткени экөөнүн мал-мүлкү көп болгондуктан, бирге жашай албай калышкан. Отурукташкан жери малдын көптүгүнөн алар үчүн тар болуп калган. 8Ушул себептен Эсап, же Эдом, Сеир тоолоруна барып жайланышты.
9Сеир тоолорундагы эдомдуктардын түп атасы Эсаптын санжырасы мындай. 10Эсаптын уулдарынын ысымдары: Ада деген аялынан Элифаз, Басмат деген аялынан Ревуел.
11Элифаздын уулдары: Теман, Омор, Зефо, Гатам, Кеназ. 12Тимна Эсаптын уулу Элифаздын токолу болгон, ал күйөөсүнө Амаликти төрөп берген. Эсаптын аялы Аданын уулдары ушулар.
13Ревуелдин уулдары болсо булар: Нахат, Зерах, Шамма, Мизза. Булар – Эсаптын аялы Басматтын неберелери.
14Зибондун небереси, Ананын кызы Охолибама күйөөсү Эсапка төрөп берген уулдары: Жууш, Жалам, Корах.
15Эсаптан тараган уруу башчылары булар.
Эсаптын тун уулу Элифаздын уулдары: Теман башчы, Омор башчы, Зефо башчы, Кеназ башчы, 16Корах башчы, Гатам башчы, Амалик башчы. Булар – Эдом жеринде Элифаздын тукумунан чыккан башчылар, Аданын неберелери.
17Эсаптын уулу Ревуелдин уулдары: Нахат, Зерах, Шамма, Мизза. Булар – Эдомдогу Ревуелдин тукумунан чыккан башчылар, Эсаптын аялы Басматтын неберелери.
18Эсаптын аялы Охолибаманын уулдары: Жууш, Жалам, Корах. Булар – Ананын кызы, Эсаптын аялы Охолибамадан тараган башчылар. 19Булардын баары Эсаптын, же Эдомдун урпактары жана анын уруу башчылары.
Сеирдин урпактары
20Эдом жеринде жашаган хори элинен чыккан Сеирдин уулдары булар: Латан, Шабал, Зибон, Ана, 21Дишон, Эзер, Дишан. Булар – Сеирдин уулдары, Эдом жеринде жашаган хори элинин уруу башчылары.
22Латандын уулдары: Хори менен Хемам. Тимна Латандын карындашы эле.
23Шабалдын уулдары: Алван, Манахат, Эйбал, Шефо, Онам.
24Зибондун уулдары: Ая жана Ана. Атасы Зибондун эшектерин кайтарып жүрүп, чөлдөн ысык булак таап алган Ана ушул. 25Ананын балдары: уулу Дишон жана кызы Охолибама.
26Дишондун уулдары: Хемдан, Эшбан, Итран, Керан.
27Эзердин уулдары: Билхан, Заабан, Акан.
28Дишандын уулдары: Уз менен Аран.
29Хори элинин уруу башчылары булар: Латан башчы, Шабал башчы, Зибон башчы, Ана башчы, 30Дишон башчы, Эзер башчы, Дишан башчы. Булар Сеир жериндеги хори элинин уруу башчылары эле.
Эдом падышалары
31Ысрайыл элинде падыша боло электе, Эдом элинде төмөндөгү падышалар бийлик жүргүзгөн:
32Беор уулу Бела Эдом падышасы болду. Анын шаарынын аты Динхаба эле.
33Бела дүйнө салгандан кийин, анын ордуна Зерахтын уулу Жабап падыша болду. Ал Босра шаарынан эле.
34Жабап кайтыш болгондон кийин, Теман жеринен Хушам падыша болду.
35Хушам кайтыш болгон соң, Маап жеринде мидияндарды кыйраткан, Бедаттын уулу Хадат падыша болду. Анын шаарынын аты Абыт эле.
36Хадат көз жумгандан кийин, анын ордуна Самла падыша болду. Ал Масрека шаарынан эле.
37Самла каза болгондон кийин, анын ордуна Шабыл падыша болду. Ал дарыя боюндагы Рехобот шаарынан болчу.
38Шабыл кайтыш болгон соң, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канаан падыша болду.
39Акбардын уулу Баал-Канаан көз жумгандан кийин, анын ордуна Хадар падыша болду. Анын шаарынын аты – Поо, аялынын аты – Мехетабыл. Мехетабыл Матреттин кызы, Матрет Мезахаптын кызы эле.
40Эсаптын уруулары, жерлерине карай бөлүнгөн уруу башчыларынын ысымдары мындай: Тимна, Алба, Жетет, 41Охолибама, Эла, Пинон, 42Кеназ, Теман, Мипсар, 43Магдиел жана Ирам. Өздөрү ээлеген жерге өз ысымдарын ыйгарган Эдом башчылары ушулар. Эдомдуктардын түпкү атасы Эсап эле.
Currently Selected:
Башталыш 36: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018